Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен 22-январда УКМК жооптуу кызматкерлери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында (ШИББ) милиция кызматкерлери жана жетекчилер менен кеңешме өткөрдү.
Жыйында коррупциялык кылмыштардын жазасы күчөтүлгөнү тууралуу маалымат берилип, жакында кабыл алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын ченемдери түшүндүрүлдү.
Бул тууралуу коопсуздук кызматы 22-январда кабарлап, коррупцияга каршы тынымсыз күрөш жүрүп жатканына карабай Ички иштер министрлигинде (ИИМ), укук тартибин коргоо органдарынын ишинде туруктуу жемкорлук схемаларынын сакталышы байкалып жатканын билдирди. Муну 2021-2024-жылдардагы статистикалык маалымат тастыктап турганын кошумчалады.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, Бишкек шаардык ички иштер тармагында коррупцияга байланыштуу 135 кылмыш иши козголуп, ИИМдин 35 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
УКМК акыркы мезгилде алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иштери көбөйүп, алар бир тараптуу иликтенип жатканын белгиледи.
"Бул үчүн милиция кызматкерлери белгилүү бир материалдык жыргалчылыкка ээ болууда. Мындай көрүнүш менен алар мамлекеттик бийликтин жана укук коргоо органдарынын беделине терс таасирин тийгизип жатышат", - деп жазылган УКМКнын маалыматында.
Жыйында ошондой эле өлкө жетекчилиги 2025-2026-жылдары коррупцияны толук жоюу милдетин койгону да белгиленди.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 16-январда Кыргызстанда 2025-2026-жылдары коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартуу пландалып жатканын, ушу тапта көрсөткүч 30-40 пайыз экенин кошумчалады. Ал буга чейин жемкорлук 70-80 пайызга чейин жеткенин билдирген.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.
Ички иштер министрлиги УКМКнын бүгүнкү тараткан маалыматы боюнча комментарий бере элек. (ZKo)
Шерине