Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:52

21-январь: Дин мыйзамына кол коюлду, Түркияда лыжа базасындагы өрттөн көз жумгандар 70тен ашты


Түркиянын Болу провинциясындагы "Карталкая" лыжа мейманканасында өрт чыкты, 21-январь, 2025-жыл
Түркиянын Болу провинциясындагы "Карталкая" лыжа мейманканасында өрт чыкты, 21-январь, 2025-жыл

14-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Бишкек шаардык соту Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды

Эки айдан бери №1 тергөө абагында отурган Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Адвокаттар Биринчи май райондук сотунун Султанбековдун кармалышынын мыйзамдуулугу жана аны абакка камоо тууралуу буга чейинки чечимине каршы апелляциялык арыз жазышкан. Султанбековдун партиялашы Кадырбек Атамбаев Султанбеков сотко конвойдун жардамы менен, таяк таянып келгенин кошумчалады. Социал-демократтар партиясынын лидери, 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрынан бери камакта.

Президент Садыр Жапаров "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койду

Президент Жапаров Фейсбуктагы баракчасына мыйзамды артка кайтаруусун сурангандар менен кошо эле анын күчүнө киргизүүсүн өтүнгөн жарандар көп болгонун билдирди. Жапаров дин мыйзамында негизги карама-каршылык дааватчылардын үймө-үй кыдыруу маселесинде болгонун белгиледи. Дааватты мечиттерде, той-топур, тажия болгон жана башка эл чогулган базарларда айтууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады. Бул маселени жөнгө салып, дааватка кимдер чыгат, кайсы орган күбөлүк берет, ким көзөмөлдөйт деген сыяктуу эрежелерди так жазып сунуштоону Муфтият менен Аалымдар кеңешине тапшырды. Жапаров Ислам дини Кыргызстанда эле 33 агымга бөлүнгөнүн айтып, алардын айрымдары сот тарабынан тыюу салынганына карабай, ишмердигин улантып жатканын белгилеген. Алар китептерди, баракчаларды, видео материалдарды тараткан учурлар катталып, кармалып жатышканын айткан.

Ипотекага алынган үйлөрдү ижарага берүү мыйзамсыз

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ички жобосу боюнча ипотекага алынган үйдүн акчасы толук төлөнүп бүтмөйүнчө, аны ижарага берүүгө жана сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) басма сөз кызматы 21-январда билдирди. Анда айтылгандай, мамлекеттик ипотекалык компания батирлерди жалаң гана үй-жайы жок жарандарга сунуштайт. "Учурда, бизге тиешелүү мамлекеттик ипотекалык үйлөрдө жашоо үчүн берилген батирлердин ачкычтары гана берилген, бирок банктын жана биздин компаниянын расмий документтери аркылуу бул үйлөрдү толук кандуу колдонуу боюнча дагы бир нече этаптар бар. Биз тараптан толук расмий макулдашуулар жана банктын бардык зарыл жол-жоболору аяктаганга чейин, бул батирлерди ижарага берүү мыйзамсыз жана бул биздин иш эрежелерибизге карама-каршы келет. Ипотекалык батирлерди эч ким ижарага бере алышпайт", - деп жазылган маалыматта. МИК бул багытта иш жүрүп жатканын жана жакынкы убакытта бардык суроолор боюнча так эрежелерди ишке киргизилерин кошумчалаган.

Түркияда "Карталкая" лыжа базасындагы өрттөн каза болгондор 70тен ашты

Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая каргашада каза болгондордун саны 76га жеткенин айтып, 45 сөөктүн тек-жайы аныкталганын кошумчалады. 50дөн ашуун кишинин абалы оор экени кабарланды. Өрт 21-январда таңкы саат үчтө 237 адам жашаган, жыгачтан курулган 12 кабаттуу мейманкананын ресторанында башталган. Кеминде эки киши терезеден секирип каза болгон. Айрымдары бөлмөлөрүнөн шейшеп жамынып качып чыгууга аракет кылышкан. Тилсиз жоонун келип чыккан себептери азырынча белгисиз. Түрк өкмөтү иликтөө жүргүзүү үчүн алты прокурорду дайындаганын кабарлады. Окуя болгон жерге ондогон өрт өчүрүүчү жана 38 "Тез жардам" кызматы жөнөтүлгөн. Мейманкана тоо боорунда жайгашкандыктан куткаруу иштери кыйын болду. Өрт 10 сааттан кийин гана өчүрүлгөнү маалымдалды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Карталкаядагы" өрттөн жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жоктугун билдирди.

Израил армиясынын Батыш жээктеги операциясы алты кишинин өмүрүн алды, ондогон адам жараат алды

Бул тууралуу Палестин автономиясынын Саламаттык сактоо башкармалыгына таянып, Associated press агенттиги жазды. Газа тилкесинде ок атышуунун токтогонуна үч күн болду. Операция негизинен Женин шаарында жүргүзүлдү. Бул аймакта Газада согуш башталгыча эле соңку жылдары израил армиясы аскердик операцияларды жүргүзүп, согушкерлер менен кагылышуулар катталып келген. Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей Батыш жээкте Газада согуш башталганы 800 кишинин өмүрү кыйылды. Ал арада 20-январда кызматына расмий киришкен АКШнын президенти Дональд Трамп өз жарлыгы менен Байдендин Батыш жээкке байланыштуу буйругун жокко чыгарды. Американын мурдагы президенти Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги тынчтыкка бүлүк салгандарга санкция салган.

Казакстанда "Сатира кылмыш эмес" деген жазуу менен чыккан активисттер кармалууда

Активист Сергей Зинченко Казакстандын түндүгүндөгү Костанай шаарындагы Казак драма театрынын алдында кармалганын "Наша газета" басылмасы жазды. Зинченко “Сатира кылмыш эмес” деген жазуусу бар күрмө менен чыккан. Басылма театр алдына дароо акимчиликтин, милициянын жана прокуратуранын кызматкерлери барып, "уруксатсыз аракеттерди токтотууну" талап кылышканын жазды. Зинченко бул кадамын Алматыда камакка алынган QazNews24 сатиралык коомдук баракчасынын автору Темирлан Енсебекти колдоо аракети деп түшүндүрдү. Ушул эле күнү дагы бир активист Акмарал Жакибаева камалган журналисттерди колдоп, Алматыдагы Мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын алдына плакат көтөрүп чыкты. "Азаттыктын" казак кызматы жарыялаган видеодон Жакибаева “Сатира кылмыш эмес” деген жазууну көтөрүп турганын көрүүгө болот.

Былтыр Өзбекстанга чет өлкөлөрдө иштеген 483 эмгек мигрантынын сөөгү жеткирилди

Бул тууралуу “Gazeta.uz” басылмасы өлкөнүн Миграция агенттигинин маалыматына шилтеме кылып жазды. Миграция агенттигинин басма сөз кызматы "Жүк-200дүн" 474ү Орусиядан, дагы төрт адамдын сөөгү Түркия, Түштүк Корея, Казакстан өлкөлөрүнөн алынып келингенин жазды. Мекеменин бөлүм башчысы Нигора Исроилова "Жүк-200дү" мекенге жеткирүүгө кеткен чыгым мамлекеттик бюджеттен каржыланганын билдирди. Адатта ага кеткен каражат өлкөгө жараша бир миң доллардан 10 миң долларга чейин чыгымды түзөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG