20-январда Орусиянын президени Владимир Путин Москвада Коопсуздук кеңешинин жыйынында Дональд Трампты АКШнын президенттигине расмий киришип жатканы менен куттуктады. Путин орус-украин согушун жайгаруу маселесинде Москва жаңы администрация менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.
"Биз АКШнын кайра шайланган президентинин билдирүүсүн жана анын командасынын Орусия менен түз байланыштарды түзүү ниетин көрүп турабыз. Бул байланыштар биздин эмес, кетип жаткан администрациянын күнөөсү менен үзгүлтүккө учураган", - деди Путин.
Путин былтыр ноябрь айында Валдай клубунун жыйынында дагы Трампты шайланышы менен куттуктап, сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.
Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Трамп президенттик кызматка киришери менен 24 сааттын ичинде Украинадагы согушту токтотууга сөз берген. Кийин ал алты айда же андан аз убакытта куралдуу жаңжалды токтотууга ниеттенип жатканын айткан. 19-январда Вашингтондо өз тарапташырынын алдында сүйлөп жатып дагы, Украинадагы куралдуу жаңжалды токтотуп, Үчүнчү дүйнөлүк согуштун алдын алуу ниетин кайталады.
CNN телеканалы жазгандай, Трамп өз жардамчыларына Путин менен телефондук сүйлөшүүлөрдү уюштурууга тапшырган. Орусия Украинага 2022-жылдын 6-февралында эч негизсиз кол салган.
Дональд Трамптын инаугурациясы 20-январда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат ондо башталат.
Шерине