20-январда, күндүз Башкы прокуратуранын алдында өзүнө өрт койгон адам 30 жаштагы М. Э. аттуу жаран 500 миң долларын алдап алып койгон кишиге каршы жазган арызы боюнча кылмыш иши козголбой жатканына жана А. у М. аттуу дагы бир айыпталуучунун бөгөт чарасы үй камагына алмаштырылганына нааразылык билдирип, буга барганы кабарланды.
Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) 20-январда кечке жуук тараткан маалыматында жазылган.
"Текшерүү учурунда, 2024-жылы, 17-июль күнү М. Э. 2023-жылдын 4-октябрында анын баасы 63 миң долларлык мүлкүн алдап алган А у М. аттуу жарандын үстүнөн милицияга кайрылганы белгилүү болду. 2024-жылы 17-ноябрда бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгында А. у М. кармалып, Жаза аткаруу кызматына караштуу №1 тергөө абагына камалган. Тергөө иши аяктап, ишти кароо Бишкектин Октябрь райондук сотуна жиберилген", - деп билдирди РИИБдин басма сөз кызматы.
Ал эми 500 миң доллар акчасын алдап алды делген Т.А. аттуу жаран боюнча берилген арызга ылайык, миилция төмөнкүлөрдү билдирүүдө.
"Акчанын басымдуу бөлүгү - 414 миң 799 доллар А. И. аттуу жаранга таандык. Ал Биринчи май РИИБне Т.А. аттуу жарандын үстүнөн алдамчылык кылганына даттанып, арыз менен кайрылган. 2024-жылы 3-декабрда аталган РИИБ бул арыз боюнча кылмыш ишин козгогон. Ушундан улам Т. А. аттуу жарандын үстүнөн жазылган М. Э. аттуу жарандын арызын да Биринчи май РИИБне өткөрүп берүү маселеси каралган. Тергөөнүн алкагында тараптардын бардык жүйөлөрү каралат жана мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынат".
20-январь күнү Башкы прокуратуранын алдында бир адам өзүн өрттөп жибергени тартылган видео тасмалар соцтармактарга жарыяланган. Маалыматты "Тез жардам" кызматы журналисттерге ырастады. Ага ылайык, өзүн өрттөгөн жаранга дарыгерлер алгачкы жардам көрсөтүшкөн.
Башкы прокуратура бул окуя боюнча комментарий бере элек.
Кыргызстанда "акыйкаттык таба албадым" деген себеп менен жарандар өзүнө өрт койгон учурлар буга чейин да кездешкен. (ZKo)
Шерине