Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:28

Газа: Израилдин үч жараны барымтадан бошотулду


Барымтадагы үч жарандын бошотулушун Тель-Авивде жүздөгөн адамдар түз эфирде көрүп, кубаттап турушат, 19-январь 2025-жыл.
Барымтадагы үч жарандын бошотулушун Тель-Авивде жүздөгөн адамдар түз эфирде көрүп, кубаттап турушат, 19-январь 2025-жыл.

АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС радикал тобу Израилдин жарандары Дорон Штайнбрехерди, Эмили Дамарини жана Роми Гоненди барымтадан бошотту.

15 айдан ашык убакыттан бери хамасчылардын барымтасында кармалып турган үч аялды жекшембиде кечке маал "Кызыл чырым" эл аралык уюму Газа тилкесинен алып чыгып, Израилдин күчтөрүнө өткөрүп берди.

"Бошотулган туткундар чек арадан өтүп, Израилдин аймагына кирди", - деп билдирди Израилдин армиясы.

Бул туткундар Израил менен ХАМАС радикал тобунун ортосундагы ок атышууну токтотууну жана барымтадагыларды бошотууну көздөгөн жаңы келишимдин алкагында бошотулду. Келишимге ылайык, Израил абактагы 90 палестинди бошотот деп күтүлүүдө.

АКШ, Катар жана Египеттин арачылыгы менен дээрлик бир жылдан ашык убакытка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин жетишилген бул келишим 19-январда дээрлик үч сааттык кечигүүдөн кийин күчүнө кирди. Мындай кечигүүгө ХАМАС тобунун жекшемби күнү барымтадан бошотула турган үч туткундун аты-жөнүн Израил тарапка убагында бербегени себеп болду.

Газадагы согушту токтотууну максат кылган келишим үч этап менен ишке ашат. Бир канча аптага созула турган макулдашуунун алкагында Газа секторунда ок атышуу токтоп, ХАМАСтын барымтасындагы бардык туткундар бошотулушу керек. Ошондой эле Израил Газадагы күчтөрүн чыгарып кетип, ондогон палестиндерди түрмөдөн бошотот деп кабарланган.

2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинен Израилге кол салып, бир күндө 1200дөй кишини өлтүргөн жана 250дөй кишини барымтага алып кеткен. Буга жооп катары Израил Газадагы чабуулдарын баштаган. Андан бери Газада 47 миңге чукул адамдын өмүрү кыйылганын ХАМАС башкарып келген тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси билдирүүдө.

Газада согуш башталгандан бери ХАМАСтын барымдасындагы адамдардын бир бөлүгү бошотулган. Израил бийлиги учурда Газада 90дон ашуун туткун болушу керектигин, бирок алардын бир бөлүгү каза болгонун билдирүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG