Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мурдагы "Ганси" аскердик базасында сакталып турган 6 млн 700 миң 600 сомдук мүлктү мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталганын билдирди. Бул тууралуу Аскер прокуратурасы Коргоо министрлиги менен биргеликте Бишкек турак жай пайдаланууну камсыздоо базасында жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында белгилүү болгон.
Аталган факт боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") боюнча кылмыш ишин козгоду.
Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштерин жүргүзүү менен кылмышка тиешелүү башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатканы кабарланды. Башкы прокуратуранын маалыматында кеп кайсы мүлк жана аны ким ыйгарып алгандыгы тууралуу айтылган жок.
Былтыр 15-июлда соцтармактарда мурдагы “Ганси” базасында жайгашкан “Семетей” госпиталында жүк ташуучу автоунаага чоң кутулар жүктөлүп жаткан учур тартылган видео тараган. Анын автору тасманы “госпиталга өкмөт башчы барып кеткен соң медициналык жабдууларды кайра жүктөп кетип жатышат" деп комментарийлеген. Ошол учурда өкмөттү Кубатбек Боронов жетектеп турган.
Кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги видеодогу маалымат жалган экенин айтып чыккан. Министрлик тасмага түшүрүлгөн жүк ташуучу автоунаа кампадагы жабдыктарды "Семетей" госпиталынын реанимациялык бөлүмүнө ташып баратканын, кампада СИПАП деген кошумча дем алдыруучу аппараттар болгонун маалымдоодо.
2020-жылы коронавирус пандемиясы күч алган июнь-июль айларында Кыргызстандагы ооруканаларда орун жетишпей, бир катар бош имараттарда убактылуу стационарлар ачылган. Өкмөт "Ганси" аба базасынын ордуна “Семетей” госпиталын даярдаган. (КЕ)
Шерине