Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Байден АКШда "кооптуу олигархия" түзүлүп жатканын айтты


АКШнын кызматтан кетип жаткан президенти Жо Байден элге коштошуу сөзүн айтты.
АКШнын кызматтан кетип жаткан президенти Жо Байден элге коштошуу сөзүн айтты.

АКШ президенти Жо Байден 15-январда мамлекет башчысы катары жасаган акыркы кайрылуусунда Кошмо Штаттарда демократияга коркунуч жаратуучу, бийлиги жана таасири бар өтө бай адамдардын "кооптуу олигархиясы" түзүлүп жатканы тууралуу эскертти.

"Мен бийликтин бир нече бай адамдын колуна топтолуу коркунучуна тынчсызданып жатам", - деди Байден Ак үйдөн жасаган кайрылуусунда.

Анын айтымында, байлыктын бир нече адамдын колунда топтолушу демократияга эле эмес, негизги укуктарга жана эркиндикке, ар бир адам ийгиликке жетиш үчүн "адилет мүмкүнчүлүккө татыктуу" деген үмүткө коркунуч жаратат.

Байден климаттын өзгөрүшү жана социалдык медиадагы жалган маалыматтар тууралуу да эскертти, өзүнүн администрациясынын калкка жумуш орундарын түзүү, саламаттыгын сактоо, пандемия маалындагы чаралар сыяктуу жетишкендиктерин атап, Америка Кошмо Штаттарын коопсуз өлкөгө айлантуу багытында көрүлгөн аракеттерди белгиледи.

20-январда Tesla жана SpaceX компанияларынын башкы директору, дүйнөнүн эң бай адамы Илон Маск жана башка өтө бай адамдар колдогон Дональд Трамптын инаугурациясынан кийин Байден президенттиктен кетет.

Трамптын ашынган оңчул көз караштарын жактаган Маск өткөн жылы анын президенттик үгүт өнөктүгүн колдоо үчүн он миллиондогон доллар короткон.

Инаугурацияга дагы эки белгилүү америкалык миллиардер - Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос жана Facebook негиздөөчүсү, Meta жетекчиси Марк Цукерберг да катышары айтылды. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG