Газада Израилдин соккуларынан дагы 18 киши каза тапты
Газада шейшембиге караган түнү Израил армиясынын (ЦАХАЛ) соккуларынан 18 киши, мунун ичинен алты аял менен төрт бала каза тапканын тилкенин саламаттыкты сактоо мекемесине шилтеме жасап AP агенттиги жазды. Израил куралдуу күчтөрү бул соккуларды комментарийлеген жок. ЦАХАЛ адатта согушкерлердин жайларын бутага алганын, алар карапайым адамдарды калкан кылып пайдаланарын айтып келет. АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу башкарган анклавдын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталгандан бери Газада 46,645 палестиналык каза тапканын 14-январда билдирди. 2023-жылы 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери тилкенин аймагынан Израилге кол салганда 1200 киши өлгөн, 250дөй кишини жоочулар туткунга алган. Андан бери барымтадагылардын жарымынан көбү коё берилди же набыт болду. Ал арада урушту токтотуу жана туткундарды азат кылуу аракети уланып, ортомчулар Катарда жолугууга камынып жатат.
Байден тышкы саясатынын жыйынтыгын чыгарды
АКШнын президенти Жо Байден Ак үйдөн кетер алдында тышкы саясатынын жыйынтыгын чыгарды. Анын айтымында, Кошмо Штаттар экономикалык жана аскердик жактан кыйла кубаттуу болуп калды, Орусия жана Кытай өңдүү ири атаандаштардан мурдагыдан да озуп кетти. Байден Украинадагы согушка көп көңүл бурду, НАТОнун кеңейтилип, бекемделишин, Киевге колдоо көргөзүлгөнүн өзүнүн жетишкендиктери катары санады. Бир нече сааттан кийин берген интервьюсунда жаңы шайланган президент Дональд Трамп Байдендин сөзүн “Бул коркунучтуу төрт жыл болду” деп комментарийледи. Трамптын инаугурациясы 20-январда өтөт.
Май айында электр энергиясы кымбаттайт
2025-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясынын наркы 1 сом 37 тыйынга чыгат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 14-январда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал эми электр жарыгын өнөр жай үчүн колдонгондор ушул тапта 1 кВт саат электр энергиясына 3 сом 18 тыйындан төлөсө, 1-майдан тарта 3 сом 49 тыйын төлөй баштайт. Кыргызстанда ушул тапта 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом 11 тыйын. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 39 тыйын төлөйт.
Абактагы Имамидин Ташов кайра ачкачылык жарыялаганын айтты
KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Имамидин Ташов 13-январдан баштап ачкачылык жарыялаганын билдирди. Ишкер 14-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурумда тергөө абагынын администрациясына жазган катын да көрсөттү. Катта Бишкектеги №1 тергөө абагында 2024-жылдын 20-декабрынан тартып абактагы шектүүлөрдү кыйноолор башталганы, текшерүүлөр күчөп, кечкисин электр жарыгы өчүрүлүп жатканы жазылган. Ал буга каршылык көрсөтүп, ачкачылык жарыялаганын билдирди. Жаза аткаруу кызматы кыйноолор тууралуу сөздөрдү четке какты. УКМК ишкерге Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып койгон. Ал коюлган кинени четке кагып келет.
АКШ: Токойлордон өрт чалган Лос-Анжелесте катуу шамал күтүлүүдө
Бул тууралуу жергиликтүү синоптиктер кабарлашты. Өрт өчүрүүчүлөр учурда Калифорниянын түштүгүндө төрт жерде тилсиз жоо менен күрөшүн улантып жатышат. Кырсыктан 24 киши каза тапканы дүйшөмбү күнү кабарланган. Дагы 23 киши дайынсыз болууда. Ага чейин 16 киши табылбай жатканы кабарланган. Метеорология кызматы шамалдын ылдамдыгы саатына 113 километрге жетиши мүмкүн экенин эскертишти. Бул өрттүн башка жерлерде да тутанышына алып келиши ыктымал. Лос-Анжелестин мэри Карен Бас прогноздор "шамалдын күчү ураганга жакын болушу мүмкүн" деп айтты. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Лос-Анжелес шаарындагы өрттөн жабыркагандардын арасында мекендештер катталбаганын билдирген.
Алмамбет Шыкмаматов ЭТТК маселеси дээрлик чечилгенин айтты
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК) боюнча маселе дээрлик чечилгенин билдирди. Бул тууралуу ал 14-январда Ошто ишкерлер менен жолугушууда айтты. Анын сөзүнө караганда, ЭТТКны жөнөкөйлөтүү боюнча мекеме аралык жумуш тобу да ишин жыйынтыктап калды. ЭТТК мунай заттарына, алкоголдук ичимдиктерге, тамекиге, дары-дармекке жана медициналык буюмдарга гана калат. Бүгүнкү күндө ЭТТК 13 миңден ашуун ар кандай товарга колдонулат.
Жогорку сот Токмоктун мурдагы мэри Урматбек Самаевди актады
Жогорку сот 13-январда Токмок шаарынын мурдагы мэри Урматбек Самаевди актаган өкүм чыгарды. Маалыматка ылайык, Жогорку сот Урматбек Самаевди Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен актоо өкүмүн чыгарган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Урматбек Самаевди 2023-жылы апрель айында кармап, ага “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схема уюштурууга тиешеси бар деп айып койгон. 38 жаштагы Урматбек Самаев 2016-жылы Жогорку Кеңешке “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен депутат болгон. 2021-жылы августта Токмок шаарынын мэри болуп дайындалган.
Шерине