Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Жанна Самышева Бишкек шаардык милицициясына сурак берип чыкты
Анын адвокаты Аскар Алымкулов “Азаттыкка” билдиргендей, Самышева Социал-демократтар партиясына Бишкек шаардык кеңешиндеги шайлоодогу добуш сатып алууга байланыштуу козголгон иштин алкагында күбө катары суралып, ошол күнү коё берилген. 12-январда Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Кадыр Атамбаев "Азаттыкка" Самышева кармалганын, ага жактоочулар киргизилбей жатканын билдирген. Бул боюнча Бишкек шаардык милициясы да маалымат таратып, анда “добуш сатып алуу” боюнча кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Самышеваны алып келүү тапшырмасы коюлганы жазылган. 12-январда саат 20:00дө ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилип, анын катышуусу менен тергөө аракеттери Жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөнү айтылат.
Арстан Алай деген ат менен белгилүү коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча соттук териштирүү уланууда
Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, учурда күбөлөр суралууда жана кийинки соттук отурум 16-январга белгиленген. Арстан Алай былтыр 5-январда каза болгон. Жаза аткаруу кызматынын маалыматында, ал психотикалык дартына байланыштуу былтыр 28-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан №31 мекемеге этап менен которулган. 2024-жылы 5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асылган абалда табылган. УКМК Арстан Алай “диний кастыкты козуткан” деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген. Ага “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деген айып коюлган. Маркумдун жакындары анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин талап кылышкан.
Лос-Анжелестеги өрттө бери дегенде 24 адамдын өмүрү кыйылды
АКШнын Калифорния штатынын өзгөчө кырдаалдар кызматтары ушул аптадан тартып Лос-Анжелесте катуу шамал кайра күчөшү мүмкүн экенин эскертти. Пасифик-Палисейд аймагындагы катуу өрт америкалык атактуулар жашаган Брентвуд жана Бель-Эйр райондоруна дагы жайылуу коркунучу жаралды. Лос-Анжелесте ири өрт 7-январда башталган, ошондон бери 10 миңден ашуун объект күйүп кетти, 180 миңдей киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Өрттүн айынан Голливддун Энтони Хопкинс, Пэрис Хилтон жана Мэл Гибсон баштаган жылдыздары, таанымал саясатчылар там-ташынан айрылды. Аймактагы коюу, уулуу түтүндөн улам өзгөчө кырдаал жарыяланган.
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин жакынкы апталарда телефондон сүйлөшүүсү мүмкүн
Бул тууралуу ABC News телеканалына Трамп өзүнө улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчи кылып тандаган конгрессмен Майк Уолц кабарлады. Ал учурда эки президенттин саммитине даярдык көрүлүп жатканын, бул сүйлөшүү анын алгачкы кадамы болорун белгиледи. Уолц саммитке Украинанын президенти Владимир Зеленский дагы катышабы деген суроого жооп берип жатып, Трамп менен Путиндин жолугушуусунун форматы азырынча так аныктала электигин айтты. Буга чейин Трамп дагы Путин менен жолугушууга даярдык көрүлүп жатканын билдирген, бирок убактысын тактаган эмес. Кремль соңку маалыматтар тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Өзбекстанда алты жылга соттолгон кримтөбөл Салим Абдувалиев эркиндикке чыкканы кабарланды
Өзбекстанда соттолгон кримтөбөл, 75 жаштагы Салим Абдувалиев 12-январь күнү абактан чыкканын Kun.uz. сайты жазды. Агенттик өз булактарына шилтеме кылып, Абдувалиев узак убакыт бою жаман илдет менен алышканын, анын абактан чыгышына саламаттыгы начарлашы негизги себеп болгонун маалымдады. "Салимбай байбача” деген ат менен Борбор Азияга таанылган кримтөбөл, Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы башчысы Салим Абдувалиевге Кылмыш кодексинин “Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын негизги бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси боюнча айып тагылып, 2024-жылы 19-мартта алты жылга кесилген. Былтыр октябрь айында Кыргызстандын коопсуздук кызматы Абдувалиевге издөө жарыялап, аны менен байланышы бар бир катар ишкер, саясатчыларды кармап, суракка алган.
Өзбекстандык футболчу Абдукодир Хусанов “Манчестер Сити” клубуна өтүп жатат
Ал Англиянын премьер-лигасында (АПЛ) ойной турган алгачкы борбор азиялык болуп калмакчы. Футбол комментатору Фабрицио Романо Инстаграмдагы постунда маалымдагандай, 20 жаштагы Хусанов менен келишим 2029-жылга чейин, узартуу мүмкүнчүлүгү менен түзүлдү. Жакынкы күндөрдө спортчу медициналык текшерүүдөн өтө баштайт. Трансфердин баасы 40 млн евро жана бонустарды түзөөрү тууралуу маалыматты The Athletic басылмасы да тастыктады. Маалыматка караганда, жаш талантка “Реал” Мадрид, франциялык "ПСЖ", англиялык "Тоттенхэм" жана "Ньюкасл" клубдары кызыккан. Хусанов Ташкенттин "Бунёдкор" клубунда машыккан. Атасы мурда Өзбекстандын улуттук коммандасында ойногон.
Шерине