Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:55

Бишкекте адабий форум өттү


Адабий форум. Бишкек. 12-январь, 2025-жыл.
Адабий форум. Бишкек. 12-январь, 2025-жыл.

Бишкекте жазуучу, публицист Олжобай Шакир негиздеген "РухЭш" сайтынын адабий форуму өттү. Саамалыкка адабиятчылар, коомдук-саясий ишмерлер, басма үйлөрдүн өкүлдөрү жана жалпы китеп сүйүүчүлөр катышты.

Novotel мейманканасынын чоң залында уюштурулган форумда кыргыз адабиятындагы бир катар орчундуу маселелер талкууга алынып, китеп тармагы, китеп басуу, сатуу, элди китеп окууга тарбиялоо, дүйнөлүк тенденциялар жана өлкөдөгү абал тууралуу кеп болду.

Мындан сырткары тарыхчы Аида Кубатова "Алгачкы агартуучу жадитчилер жөнүндө али белгисиз тарыхый маалыматтар", жаш окумуштуу, тарыхчы Гүлзат Алагөз кызы "Тарыхый эс тутум: Сталиндик репрессияларды эскерүүдөгү улуттук жана жергиликтүү демилгелер", жарандык активист, коомдук ишмер Руслан Акматбек "Колониалдык бийлик таасиринен улуттук иденттүүлүгүбүздү кантип коргойбуз?" аттуу темаларда баяндамаларды жасашты.

Улуттук адабияттын зоболосун арттыруу максатында уюшулган форум өлкөдөгү китеп дүкөндөрдүн, басма үйлөрдүн, жеке авторлордун китеп жармаңкеси менен коштолду.

Жазуучу Олжобай Шакир мындан эки жыл мурун да ушул эле жерде “Сөздөн ишке” аталышындагы адабий форумун өткөргөн. Анда “Адам укугу – учурдагы кыргыз адабияты”, “Адабий сындын сапатка таасири”, “Кыргыз качан сапаттуу китеп окуйт?”, “Котормо өнөрү – маданият көпүрөсү”, “Адабияттын креативдүү экономикадагы орду” аталышындагы пленардык талкуулар уюштурулган.

Онлайн митинг өткөрүү чакырыгы үчүн айыпталып, беш жылга соттолгон жазуучу жана публицист Олжобай Шакир 2024-жылы октябрь айынын башында абактан чыккан. Жогорку сот аны коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза чегерген. (MZh)

Шерине

XS
SM
MD
LG