2025-жылы Кыргызстанда 40 туристтик базаны ишке киргизүү пландаштырылып жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ишембиде жумушчу кеңешмеде билдирди.
Анын сөзүнө караганда, буга чейин президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрү жалпысынан 156 жерди сунушташкан.
"Баткен облусу - 7, Жалал – Абад облусу - 29, Ысык - Көл облусу - 40, Нарын облусу – 34, Ош облусу – 23, Талас облусу – 10, Чүй облусу – 13. Бул контекстте берилген жерлерге объекттерди куруунун керектөөлөрүнө жана аларды коммерциялык пайдалануунун келечегине талдоо жүргүзүү, жергиликтүү коомчулук жана жергиликтүү инвесторлор менен зарыл консультацияларды өткөрүү зарыл. Биз тейлөөнү жакшыртууга, уникалдуу маршруттарды өнүктүрүүгө жана саякаттын бардык этаптарында коопсуздукту камсыздоого тийишпиз", - деди Амангелдиев.
Төраганын биринчи орун басары туризм экономиканын өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзөрүн белгиледи.
Өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешме 11-январда өттү. Иш-чарага тармактык министрликтердин жетекчилери, туризм тармагынын өкүлдөрү катышты.
Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, жыйында негизги көңүл туристтерге инфраструктураны жакшыртуу, тармакка инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана жаңы туристтик багыттарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Кыргызстанга 2023-жылы 8,5 миллиондой турист келгенин Экономика жана коммерция министрлиги Статистика комитетине таянып билдирген. Туристтердин 61,4% Өзбекстандан, 27,3% Казакстандан жана 7,3% Орусиядан келгендер.(ZKo)
Шерине