Тергөө абагында эки айдан бери ачкачылык кармап жаткан саясатчы Темирлан Султанбековдун абалы бир топ начарлап кеткенин адвокаты Айдана Ирсалиева маалымдады. Анын сөзүнө караганда, Султанбековдун муундары калчылдап, көрүүсү начарлаган.
Адвокаттын бул тууралуу видео билдирүүсү Темирлан Султанбековдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Анда адвокат Ирсалиева Темирлан Султанбековдун саламаттыгы начарлап, медициналык жардам талап кылынары тууралуу сот жараянында дарыгер маалымдаганына судья көңүл бурбаганын да белгилөөдө:
"Темирландын колдору көпкөк, тынымсыз калчылдап турат. Кармап турсаң да калчылдаганы токтобойт. Көрүүсү начарлады, -8 диоптриядагы көз айнеги менен да жакшы көрө албай жатат. Сол бутунун кыймылы начарлап, бир нече жолу жыгылган. Темирлан сотто баарынын көз алдында да жыгылды. Алты күндөн бери заара ушата элек. Дарыгер сотто да Султанбековдун абалы начар экенин тастыктады, бирок судья ага көңүл бурган жок".
Адвокат Султанбековго адис дарыгерлердин кароосуна муктаж экенин билдирип, өтүнүч келтиргенин, ал кардиолог, офтальмолог, уролог жана нефрологдун кароосунан өтүүсү тийиштигин, токтоосуз ооруканага жаткырылышын белгилөөдө.
Жаза аткаруу кызматы адовкат Ирсалиеванын айтканы боюнча комментарий бере элек.
26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрынан бери камакта. Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда аларды эки айга камакка алган. 9-январда аталган сот булардын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты.
Темирлан Султанбеков 13-ноябрда, милиция кызматкерлери кармаган күндөн тартып ачкачылык жарыялаган. Жакындары ал суу жана шире гана ичип жатканын, бул аралыкта ал 12 кг арыктап, саламаттыгы начарлаганын айтып, бийлик башындагылардан аны бошотууну сурашкан.
Жаза аткаруу кызматы буга жооп кылып, Султанбековдун абалы канааттандырарлык экенин, ал медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турганын билдирген.
Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксеверге Бишкек шаардык милициясы былтыр 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.
Партия өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, муну саясий куугунтук деп баалап келет.(ZKo)
Шерине