Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:09

Зеленский Түндүк Кореянын эки аскери кармалганын тастыктады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Украинанын президенти Владимир Зеленский Түндүк Кореянын эки аскери туткундалганы тууралуу маалыматты тастыктады. Ал бул тууралуу ишембиде соцтармактагы баракчаларында билдирди.

Зеленскийдин маалыматында, жарадар жоокерлер Курск облусундагы согушта туткунга түшкөн, Киевге жеткирилип, алар менен украин Коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү иштеп жатышат.

"Бардык эле туткунга түшкөн жоокерлер сыяктуу эле буларга да тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү", - деп жазды Зеленский. Ал ошондой эле түндүк кореялык туткундардын журналисттер мене сүйлөшүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүнү тапшырганын айтты. "Дүйнө эмне болуп жатканын көрүүгө тийиш", - деди ал.

Украин президенти десантчы жана атайын операциянын аскерлерине эки жоокердин туткундалышы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал муну татаал операция деп атап, "адатта орус жана Түндүк Кореялык башка аскерлер жарадар болгон жоокерлерин далил калтырбаш үчүн жок кылышат", - деп жазды.

Владимир Зеленский билдирүүсүнө эки сүрөттү кошо тиркеген. Анын биринде 26 жаштагы эркек адамга Орусиядагы Тыва республикасынан берилген аскер билети тартылган. Буга байланыштуу Би-Би-Си Орусия түндүк кореялык аскерлердин согушка катышып жатканын жашыруу үчүн аларга жасалма документтерди берип жатканын белгилеген.

Украин Коопсуздук кызматынын маалымдашынча, Түндүк Кореянын аскерлеринин бири 9-январда кармалган. Алар корей тилинен башка бир да тилде сүйлөй албай турганы, жоокерлер менен Түштүк Кореянын чалгын кызматынын жардамы менен котормочу аркылуу сүйлөшүп жатышканы кабарланды.

"РБК-Украина" басылмасы булар Түндүк Кореянын украиндерге туткунга түшкөн алгачкы аскерлери экенин белгиледи. "Рёнхап" агенттиги жыл тогошор алдында Түштүк Кореянын чалгын кызматы украиндер түндүк кореялык жоокерди туткунга алганын ырастаганын жазган. Бирок расмий тастыктоо болгон эмес. Агенттик Украинадагы согушта Түндүк Кореянын 1100 жоокери набыт болгонун маалымдаган.

Түштүк Кореянын чалгын кызматы Пхеньян Орусияга кошумча жоокерлерин жана аскер техникаларын жиберүүгө даярданып жатканын билдирүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG