Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

“Маариф” фонду окутуунун баасы өзгөртүлбөй турганын билдирди


“Маариф” фондунун өкүлдөрү менен окуучулардын ата-энелеринин жолугушуусу. 11-январь, 2025-жыл.
“Маариф” фондунун өкүлдөрү менен окуучулардын ата-энелеринин жолугушуусу. 11-январь, 2025-жыл.

11-январда Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде Түркиянын “Маариф” фондунун өкүлдөрү окуучулардын ата-энелери менен жолугушту. Алар “Сапат” билим берүү мекемелеринде иш мурдагыдай эле улана берерин, билим берүүнүн сапатын дагы жакшыртууга аракет кылышарын айтып, бул жолку жолугушуу ата-энелер менен таанышуу үчүн уюштурулганын билдиришти.

Андан тышкары “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлеринин, мектептеринин аталыштары, билим берүү системасы да өзгөртүлбөй турганы жана контракт да ошол бойдон калары айтылды.

Жолугушууга Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде эле эмес, “Сапаттын” башка билим берүү мекемелеринде да окуган балдардын ата-энелери катышты. Алар мындай жолугушуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүшү керектигин айтып, нааразы болушту.

Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү 31-декабрда белгилүү болгон.

“Сапат” 1-январда лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана “өз укугун мыйзам негизинде, эл аралык укук талаптарына ылайык коргоо боюнча аракет көрөрүн” билдирген. 2-январда “Сапат” бардык мүлкүн жана расмий мөөрүн “Маариф” фондуна өткөрүп бергени белгилүү болгон.

Билим берүү жана илим министрлиги “Сапаттын” тарбиячылары, мугалимдери мурдагыдай эле иштей берерин, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантарын кабарлаган.

Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.

2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон.

“Сапаттын” сайтындагы маалымат боюнча, билим берүү мекемесинин Кыргызстанда 16 лицейи, “Ала-Тоо” университети, 12 башталгыч мектеби бар. (BTo/ZB)

Шерине

XS
SM
MD
LG