Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Либералдык партиянын лидерлигинен кете турганын 6-январда жарыялады. Партия анын ордуна талапкерди аныктаганга чейин ал премьер-министрдин милдетин аткарып турат. Өлкөнүн парламентинин иши 24-мартка чейин токтотулат.
Жастин Трюдо партиянын жаңы төрагасы шайланары менен кызматтан кетерин айтты. Ал жакынкы айларда өлкөдө шайлоо болорун, өзү ага катышуу ниети жок экенин билдирди.
Эгерде Жастин Трюдо отставкага кетпесе, Канадада кезектеги парламенттик шайлоо ушул жылдын 20-октябрында өтмөк. Эми ал эртерээк өтүшү мүмкүн.
Саясат талдоочулар Жастин Трюдонун кызматтан кетиши менен Канаданын консервативдик партиясы позициясын бекемдеп, анын ушул таптагы төрагасы Пьер Пуальевр кийинки премьер-министр болуп калышы мүмкүн экенин божомолдоп жатышат.
53 жаштагы Жастин Трюдо Либералдык партияны 2013-жылдан бери башкарып келе жатат. 2015-жылы Канаданын премьер-министри болгон. (BTo)
Шерине