Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен ашынган оңчулдардын Эркиндик партиясынын (FPÖ) лидери Герберт Киклга жаңы өкмөт курууну тапшырганын билдирди. Ал партия кирбеген коалиция түзүү аракетинен буга чейин майнап чыкпагандыктан, канцлер, консервативдүү Элдик партиянын (ÖVP) жетекчиси Карл Нехаммер отставкага кетерин жарыялаган.
Ван дер Беллен менен Кикл дүйшөмбү күнү жолукту.
Ашынган оңчулдар сентябрдагы парламенттик шайлоодо көпчүлүк добуштарды алып, 183 орундуу парламентте 58 мандатка ээ болгон.
Кикл шайлоо өнөктүгүндө мигранттар багындыра албаган “Австрия чебин” тургузарын айтып келген. FPÖ Орусиядан санкцияларды алууну жактап, Киевге жардам берүүгө каршы чыгып жүрөт.
Киклдин Венгрия жана ал өлкөнүн премьери Виктор Орбан ал үчүн үлгү экенин айтканы бар. Расмий Будапешт орусиячыл көз караштары менен белгилүү.
Шерине