Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:06

2023-жылы жүздөн ашык бала сот жообуна тартылган  


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Улуттук статистика комитетинин сайтындагы маалыматка ылайык, 2023-жылы 134 бала сот жообуна тартылган. Алардын көпчүлүгү, 41 бала “тоноо” беренеси боюнча айыпталган. 2023-жылы өспүрүмдөр катышкан жалпы 1552 кылмыш катталган.

Статистика комитети 2024-жылдын жыйынтыгын чыгара элек. 2022-жылы 140, 2021-жылы 262 бала ар кандай кылмышка айыпталган.

Кыргызстанда өспүрүмдөр кармалуучу колония Чүйдүн Панфилов районунда жайгашкан. Ал жерде балдарга мектеп программасынан сырткары кесиптик билим да берилет. Жаза аткаруу кызматынын 2023-жылдагы маалыматында балдар абагында 26 өспүрүм бар. Алардын 13ү соттолгон, 13ү шектүү катары кармалгандар. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG