Кызыл-Кыя шаарындагы “Ал-Гуфран” атындагы мечиттин ичине калтырылган ымыркай табылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, ак шейшепке оролгон эркек баланы эртең менен азан чакыруу үчүн барган молдо көрүп калып, милицияга кабар берген.
Бул факт Кызыл-Кыя шаардык милициясында маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Табылган ымыркай Кызыл-Кыя шаардык биргелешкен ооруканасына жеткирилип, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынган. Абалы туруктуу.
Жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөдө, үйлөрдүн жанында же таштандыда калтырылган окуялар Кыргызстанда жыл сайын катталып келет.
Буга байланыштуу өкмөттүк кеңешмелер да өтүп, анын себептери жана алдын алуу чаралары талкууланган. Ал жыйындарда баласын бага албай жаткан аялдар каалаган убакта атайын социалдык мекемелерге кайрылса болору, аларга социалдык, психологиялык жана юридикалык жардам берилери айтылган. (ErN)
Шерине