Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

“Сапаттын” лицейлери Түркиянын “Маариф” фондуна өттү


“Сапаттын” Кызыл-Кыя шаарындагы Исхак Раззаков атындагы лицейи.
“Сапаттын” Кызыл-Кыя шаарындагы Исхак Раззаков атындагы лицейи.

Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлери Түркиянын “Маариф” фондуна өттү.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси 30-декабрда кайра каттоодон өтүп анын негиздөөчүлөрүнүн катарына “Маариф Улусларарасы Егитим Курумлары” акционердик коому жана Түркиянын “Маариф” фонду кошулду. Андан тышкары Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги бар. Маалыматты өкмөттүн өкүлдөрү ырасташты.

“Сапаттын” өкүлдөрү бул тууралуу кабары жок экенин, маалыматты Юстиция министрлигинин сайтынан көрүшкөнүн жана мындан ары кандай иштей турганы белгисиз экенин айтышты.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.

2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон.

Түркиянын Бишкектеги элчилиги андан бери “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлерин жабуу же “Маариф” фондуна өткөрүп берүү өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине бир нече жолу кайрылган.

“Сапаттын” сайтындагы маалымат боюнча, билим берүү мекемесинин Кыргызстанда 16 лицейи, “Ала-Тоо” университети, 12 башталгыч мектеби бар.

“Маариф” фондунун расмий сайтында 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин 23 өлкөдөн Фетхулла Гүлендин кыймылына таандык делген жүздөгөн мектептер түрк өкмөтүнө өткөрүп берилгени белгиленет. Учурда бул мектептерде 53 миңден ашык окуучу билим алат.

АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхулла Гүлен быйыл 20-октябрда ооруканада каза болгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG