Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:14

Машинени милдеттүү камсыздандыруу: Айып салуу жарым жылга жылдырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Автоунааларына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ЖЖМК, орусчасы - ОСАГО) полисин албаган айдоочуларга айып пул салуу 2025-жылдын 1-июлуна жылдырылды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 26-декабрда кол койгонун Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров Жогорку Кеңеште өлкөдө катталган автоунаалардын 10 пайыздайы гана милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алганын, калганына да аны алууга убакыт берүү зарылчылыгын айткан.

2025-жылдын 1-январынан тартып автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынып баштамак.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 1 млн 600 миң автоунаа каттоодон өткөн болсо, алардын 108,6 миңи гана камсыздандырылган. Булардын ичинен 43,5 миң автоунаа чет өлкөлүк.

Автоунааны милдеттүү камсыздандыруу 1068 сомдон башталат. Кыймылдаткычынын күчүнө жараша баалар кымбат болот.

Кыргызстанда 1-сентябрдан баштап автоунааны кайра каттоо жана мамлекеттик белгилерин калыбына келтирүүдө жарандардан ОСАГО полиси милдеттүү түрдө талап кылына баштаган. Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ЖЖМК) полисин берүү лицензиясы 13 ишканада бар. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG