Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Кыргызстанда атамекендик “Лимон Шоппинг” маркетплейси ишке кирди


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев атамекендик “Лимон Шоппинг” маркетплейсинин ачылышында. 25-декабрь, 2024-жыл.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев атамекендик “Лимон Шоппинг” маркетплейсинин ачылышында. 25-декабрь, 2024-жыл.

Кыргызстанда атамекендик “Лимон Шоппинг” (“LEMON Shopping”) маркетплейси ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн сайты кабарлады.

Маркетплейс түз эфирде сатууну жана социалдык тармакты бириктирген тиркеме болору айтылат. Анда өндүрүүчүлөр 30 миңден ашык товардын түрүн сатыкка коёру, бул Кыргызстандын ишкерлерин дүйнөлүк рынокко чыгуусуна шарт түзөрү маалымдалды.

“Лимон Шоппингдин” 25-декабрда өткөн ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, ал жергиликтүү ишкерлерге өз бизнесин жаңы деңгээлге көтөрүүгө, сатууну көбөйтүүгө, кардарлар базасын кеңейтүүгө көмөкчү болоруна үмүт артты.

Интернетте соода жүргүзгөн аянтчалар адистик тилде жалпысынан агрегаторлор (лат. aggregatio – “жыйноо, топтоо”) деген аталышка ээ.

Мунун биринчи түрү – маркетплейс (англ. market” – “базар”, “place” – “жай”) деп аталат. Бул аянтчада компаниялар жана адамдар товар сатат же кызмат көрсөтөт жана жеткирүүнү сайтка ээлик кылган компания аткарат. Экинчи түрү – классифайд (англ. classified – жарыя). Ал жөн гана кулактандыруулардын жана жарыялардын онлайн тактайчасы (доска объявлений).

Кыргызстанда дүйнөлүк маркетплейстер аркылуу товар алып-сатуу соңку жылдары кескин жанданган. Өлкөдө чет элдиктерден америкалык Amazon, Etsy, eBay, кытайлык Alibaba, AliExpress, JD.com, Taobao, Pinduoduo, түркиялык Trendyol жана орусиялык Wildberries, Ozon, “Яндекс.Маркет” маркетплейстери колдонулуп келет.

Кыргызстандын өзүндө да кадимки интернет дүкөндөн кеңейип, маркетплейске айланган – Svetofor.info, Max.kg, Neman.kg, Stores.kg, Caravan Store сервистери иштеп келет. Ошондой эле Shoppix.kg, Kivano.kg, Aliboss.kg, Kupi.kg сыяктуу интернет-дүкөндөр, Namba One, Mbank, О!Маркет, BTB Market жана башка сервистер да өздөрүн маркетплейс катары сунуштап келатышат.

Мындан сырткары Кыргызстанда кыска жарыяларды жайгаштырган веб-баракчалар ондоп саналат. House.kg, Bazar.kg, Lalafo, TezKabar, Mashina.kg, Turbo.kg, Autobaza.kg, Auctionauto.kg, Avtogid.kg, Car.kg, Diesel.elcat.kg деген сайттар классифайд аянтчасы катары иш алып барат. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG