Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:35

Байден "коштошуу алдында" Орусиянын мунайын экспорттоону чектеген санкция даярдап жатат


АКШнын президенти Жо Байден.
АКШнын президенти Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден кызматтан кетердин алдында Орусиянын энергетикалык секторуна каршы жаңы санкция киргизүүнү көздөп жатат.

Бул тууралуу Washington Post басылмасы төрт маалымат булагына таянып жазды.

Санкциянын максаты - Батыштын санкция саясаты менен байланышпаган өлкөлөргө орусиялык мунайды ташыган эл аралык кемелердин “көмүскө флотуна” сокку уруу. Мындан тышкары дагы эле санкцияга илине элек орусиялык мунай экспорттоочуларга кысым көрсөтүүнү көздөп жатат. Сөз орусиялык энергетикалык транзакцияны иштетүүгө уруксат берген банктардын лицензиясын чакыртып алуу жөнүндө экенин булактар билдирген.

"Эгер санкциялар көздөгөндөй ишке ашса, Байдендин администрациясы жаңы шайланган президент Трампка инаугурация күнүнө карата “олуттуу мурас калтырат. Президенттиктен кетердин алдында Орусияга каршы жасалган чоң кадам Байдендин 2022-жылы Украинага басып киргенине чечкиндүү жооп кайтаруу үчүн Батыштагы өнөктөштөрүн бириктире алганын далилдейт", - деп жазат The Washington Post.

Шерине

XS
SM
MD
LG