Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:24

Темирлан Султанбеков Европарламенттин резолюциясына бийликтин жообун сынга алды


Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбеков.

Социал-демократтар партиясынын лидери, абакта жаткан Темирлан Султанбеков Европа парламентинин резолюциясына кыргыз бийлигинин берген жообу боюнча кайрылуу жолдоду.

Султанбеков 23-декабрда Фейсбук баракчасы аркылуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кат менен кайрылып, Европарламент мындай чечимди оңой эле кабыл албаганын, андагы маселе терең талданганын белгилеген.

Ал АКШдагы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамптын окуясын мисал келтирип, анын жеңиши менен куттуктагандардын арасында президент Садыр Жапаров да болгонун жазган.

“Ага 20дан ашуун кылмыш иши козголгонуна карабай, аны эч ким кысымга албай, шайлоого катышуусуна жана жеңип чыгышына шарт түзүштү. Сиздин бул жеңиш менен куттуктаганыңыз – анын жеңишин туура жана легитимдүү деп эсептегениңиз. Бул туура жана мен дагы шайлоого катышуу саясатына эч ким кийлигишпеши керек деп ойлойм. Бирок Кыргызстанда мени шайлоого үч күн калганда камакка алып, шайлоодон четтетип салышты. Эгер биз дагы ички маселелерди ушундай туура жана мыйзамдуу түрдө чечсек, сиздин дарегиңизге да куттуктоолор жана мактоолор айтылат”, - деп жазган Султанбеков.

19-декабрда Европа парламенти "Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, айрыкча Темирлан Султанбековдун иши боюнча" деген резолюция кабыл алган. Европалык депутаттар өзгөчө “Социал-демократтар” партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбековдун “күмөндүү жүйө менен” кармалганына токтолуп, кыргыз өкмөтүнүн медианын эркиндигин, сөз эркиндигин чектеп, саясий оппозицияны куугунтуктаганына, журналисттердин, блогерлердин жана жарандык активисттердин камалышына камтамасын билдиришкен.

Анда Султанбековду жана партиянын калган мүчөлөрүн дароо бошотууга, Еврошаркет менен Кыргызстан ортосундагы Кызматташтык жана өнөктөштүк тууралуу келишимдин алкагында демократиялык стандарттарды, жарандын эркиндигин урматтоого чакырган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясына байланыштуу билдирүү таратып, мындай чечимди Кыргызстандын сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттаган. Мекеме Султанбеков шайлоочулардын добушун сатып алуу, үгүтчүлөрдү жашыруу жана башка мыйзамга каршы келген фактылардын негизинде кармалганын, сот аны жана эки партиялашын кармоону мыйзамдуу деп тапканын белгилеген.

Президент Садыр Жапаров 21-декабрда Бишкекте өткөн Элдик курултайда да Европарламенттин резолюциясы тууралуу комментарий берип, муну “колунда далилдер жок туруп чыгарылган чечим” деп мүнөздөгөн.

Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.

Шектүүлөргө Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын быйыл 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.

Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG