Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:49

Депутат Акаев салык боюнча чуулгандуу иште "Касымалиевдин да жоопкерчилиги бар экенин" айтты


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

18-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанарбек Акаев Министрлер кабинетинин төрагалыгына сунушталган Адылбек Касымалиевдин салык тармагындагы коррупциялык иштерге байланыштуу жоопкерчилиги бар экенин белгиледи.

Ал төраганын орун басары болуп турганда салык тармагына жоопкер болгонун айтып, алдыда бул багыттагы аракеттерине кызыкты.

“Сиздин мурдагы жетекчиңиз (ред.: Акылбек Жапаров) кызматтан кетти. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси салыктык акциз боюнча иштеги сумма 3 миллиард деп жатты эле, кечээ 30 миллиарддан ашты деди. Сиз дал ошол салыктын, экономиканын, финансы тармагынын куратору болгонсуз. Сиз башкарып турган учурда чоң суммадагы ката кетти, жоопкерчилик сизде да болушу керек деп эсептейм”, - деди Акаев.

Касымалиев Евразия экономикалык комиссиясында Кыргызстандын атынан жетекчи болуп келгенин эске салып, бул уюмда көйгөйлөр чечилбей турганын, мигранттарга байланыштуу, азык-түлүктөрдү импорттоодогу маселе курчуп келатканын кошумчалады. Салык системасына эми түздөн-түз кароого мүмкүнчүлүк алганын, эми аймактагы инспекторлоруна чейин карап чыгып, түзүмдү оңдой турганын айтты.

“Керекпи, айлыгын көтөрөбүз, автоматташтыруу жагын, социалдык маселелерин чечип беребиз. Салыкчыга кандайдыр бир нерселерди алганга мүмкүнчүлүк бербешибиз керек. Мага Садыр Нургожоевич да салык системасын өз калыбына келтирүү боюнча тапшырма берди”, - деди Касымалиев.

Ал ЕАЭБ алкагында бардык жыйындарда кыргыз тараптын таламын талашып келгенин белгиледи.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 17-декабрда Мамлекеттик салык кызматындагы мыйзамсыз иштерден бюджетке 30 млрд сомдун тегерегинде салык төлөнбөй калганын билдирген. Бул иш боюнча УКМК Мамлекеттик салык кызматынын ошол кездеги төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалганын маалымдаган.

Жогорку Кеңеш 18-декабрдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы жана анын биринчи орун басары, экономика жана коммерция министри кызматтарына жаңы талапкерлерди карап жатат.

Адылбек Касымалиев 16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Анын алдында Акылбек Жапаров бул кызматтан кеткени 16-декабрда белгилүү болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG