Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:24

Чехия Сенаты крым-татарлардын жапырт депортацияланышын геноцид катары тааныды


Чехия парламентинин жогорку палатасы - Сенатта 1944-жылдагы крым-татарларынын жапырт депортацияланышын геноцид катары таанууга добуш берүү жүрүп жатат. 18-декабрь, 2024-жыл. Прага.
Чехия парламентинин жогорку палатасы - Сенатта 1944-жылдагы крым-татарларынын жапырт депортацияланышын геноцид катары таанууга добуш берүү жүрүп жатат. 18-декабрь, 2024-жыл. Прага.

Чехия сенаты крым-татарларынын 1944-жылкы жапырт депортацияланышын геноцид катары тааныды. Мындай чечимге каттоодон өткөн 74 сенатордун 70и добуш берди.

Парламенттин Жогорку палатасынын жыйынына Украинанын Чехиядагы элчиси Василий Зварич, Жогорку Раданын депутаттары жана крым-татарларынын Мустафа Жемилев баш болгон лидерлери катышты.

"Украинага көрсөткөн жардамыңар үчүн, оор мүнөттөрдө курал-жабдык жөнөтүп, жүз миңдеген качкындарды батырып алганыңарга ыраазычылык билдирем. 1944-жылы крым-татарларынын депортацияланышын геноцид катары таануу да Украинага колдоо болуп саналат. Биздин өлкө учурда колдоого абдан муктаж. Чехия ушундай эле демократиялык баалуулуктарды туу тутууну улантат деген үмүттөмүн",- деди Жемилев Сенатта сүйлөгөн сөзүндө.

Крым-татарларынын жапырт көчүрүлүшүн геноцид катары таанууну сенатор Павел Фишер сунуштаган.

1944-жылдын май айында, СССРдин башкы командачысы Иосиф Сталиндин буйругу менен крым-татарлары Крымдан Борбор Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга күчтөп депортацияланган. Советтер Союзунда «депортациялоого крым-татарлары Экинчи дүйнөлүк согуш маалында нацисттик Германияны колдогону себеп болду» деп түшүндүрүшкөн. Миңдеген адамдар жолдо же сүргүндө каза болгон.

Кийин СССР бийлиги, андан соң Орусия жана Украина депортациялоону мыйзамсыз деп тааныган.

Ар кандай маалыматтарга караганда, жалпысынан 180 миң адам депортацияланган. Крым-татарларынын улуттук кыймылы бул сан 420 миңге чейин жетерин билдирип жүрөт.

Крым-татарларына мекенине кайтууга уруксат 1980-жылдардын этегинде, СССР тараган мезгилге жакын берилген.

Буга чейин крым-татарларынын депортацияланышын Украина, Литва, Канада, Латвия, Польша жана Эстония геноцидге теңеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG