Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:07

Сузакта төрт киши иске ууланды, алты жашар бала чарчап калды


Иллюстрация
Иллюстрация

Сузакта 5-декабрда бир үйдөн төрт киши иске ууланып, алты жашар бала чарчап калганын “Азаттыкка” райондук ооруканадан билдиришти.

Үйдүн кожойкеси алты, төрт жана бир жаштагы балдары менен иске ууланган.

Маалыматка караганда, алар мешке көмүр салган бойдон уктап калган, эртеси күнү кошуналары жана келиндин кайнатасы байкап, баарын ооруканага алып барган.

Дарыгерлер текшерген учурда 2018-жылы туулган бала дем албай, жүрөгү токтоп калганы такталган.

Аман калган үч киши дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы тууралуу маалымат бериле элек.

Кыргызстанда кыш мезгилинде иске ууланган учурлар катталып турат. Быйыл мартта Кара-Суу районунун Савай айылдык аймагынын Кызыл-Шарк айылында төрт киши көмүрдүн исине ууланып каза болгон. (TB)

Шерине

XS
SM
MD
LG