Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:03

4-декабрь: Кыргыз-тажик чек арасы такталганы жарыяланды, Грузияда оппозиция лидери кармалды


Чек ара боюнча өкмөттүк делегациялардын тең төрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов. Баткен. 2024-жылдын 4-декабры.
Чек ара боюнча өкмөттүк делегациялардын тең төрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов. Баткен. 2024-жылдын 4-декабры.

4-декабрда дүйнөдө жана Кыргызстанда эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасы толук такталып бүткөнүн жарыялады

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин караган өкмөттүк жумуш топтору бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаганын 4-декабрда Кыргызстандын Министрлер кабинети билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев алдыда юридикалык жараяндар, келишимди парламент аркылуу ратификациялоо жана эки мамлекет башчыларынын кол коюу иштери турганын айтты. "Мен жакынкы бир нече ай ичинде чек ара маселесине толугу менен чекит коёбуз деп ойлойм”, - деди ал. Эки өлкө чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак, адам өлүмүнө алып келген окуялар чыккан.

Грузияда оппозиция лидерлеринин бири кармалды

Грузияда полиция кызматкерлери оппозициячыл партиялардын кеңселеринде тинтүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу 4-декабрда "Азаттыктын" грузин кызматы жана Tbilisi life телеграм-каналы жазды. Маалыматка караганда, "Өзгөрүүлөр үчүн коалиция" кыймылынын лидери Ника Гварамия кармалды. Грузияда нааразылык акциялары 28-ноябрдан бери уланып жатат. Буга өкмөт башчы Ираклий Кобахидзенин Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөр 2028-жылга чейин токтогону тууралуу билдирүүсү түрткү болду. Миңдеген демонстрант Евробиримдикке кошулууну жактап, өкмөткө каршы нааразылыкка чыгууда. Алты күн ичинде 300дөй адам кармалды. Кобахидзе акцияларды уюштурууга оппозиция менен бейөкмөт уюмдарды айыптады.

Түштүк Кореянын коргоо министри аскердик абал үчүн кечирим сурады

Түштүк Кореянын коргоо министри Ким Ён Хён кызматтан кетти. Ал президенттин аскердик абал киргизүү аракети үчүн коомдон кечирим сурады. Бул өлкөдөгү ири оппозициялык күч саналган демократиялык "Тобуро" партиясы 4-декабрда президент Юн Сок Ёлдун кызматтан кетишин талап кылып, импичмент жарыялоого чакырды. Рейтер агенттиги жазгандай, бул талапты оппозициядагы дагы беш партия колдоого даяр. Тиешелүү мыйзам долбоору добушка 5-6-декабрь күндөрү коюлушу мүмкүн. 3-декабрдын кечинде Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль күтүүсүздөн өлкөсүндө аскердик абал жарыялаган. Ал өз чечимин "оппозициянын мамлекетке каршы ишмердүүлүгү өкмөткө жолтоо болуп жатканы" менен түшүндүргөн. Бир нече сааттан кийин парламент аны жокко чыгарган. 4-декабрдын таңында президент өз чечимин артка кайтарууга аргасыз болгон.

Бишкекте Салык кызматынын райондук жетекчилери кармалды

Бишкекте Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыктарынын жетекчилери "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген шек менен кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) алардын айынан 3,2 миллиард сомдук товардык-транспорттук коштомо кагаздар чакыртып алынган жана четке кагылган фактылар көз жаздымда калганын белгиледи. Атайын кызмат кабарлагандай, коррупциялык иштерге байланышы бар деген шек менен Бишкектин Ленин, Свердлов жана Октябрь райондук салык башкармалыктарынын башчылары жана дагы бир жетекчи кармалып, камакка алынды. Мамлекеттик салык кызматы бул текшерүүлөр тууралуу маалымат бере албасын "Азаттыкка" билдирди.

Шакиев шайлоодогу гендердик квота кайра каралышы керектигин айтты

Жогорку Кеңеште 4-декабрда "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Исхак Масалиев бул документ менен "айымдар ишкердиги" түшүнүгү кирип жатканын сынга алып, ишкердик тегиз каралышы керектигин айтты. Төрага Нурланбек Шакиев Масалиевдин пикирин кубаттап, шайлоодогу гендердик квота маселеси да каралышы керектигин белгиледи. "Шайлоого келгенде гендердик маселе иштебей калат. Ушул квота маселесин карап чыгуу керек. Бардык эле жерде тең, кээде ашып кетишет да, шайлоого келгенде эле түшүп калышат “биз алсызбыз, квота беришиңер керек” деп”, - деди Шакиев. Жогорку Кеңештеги 90 орундун азыркы тапта 20сы аял депутаттарга таандык. Алардын 19у партиялык тизме менен, бирөө бир мандаттуу округдан шайланган.

Акын Бурулкан Сарыгулова Кыргызпатенттин сынагында жеңүүчү болду

“Азаттыктын” журналисти, акын Бурулкан Сарыгулованын “Мендеги мезгил” ырлар жыйнагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар агенттиги (Кыргызпатент) менен Мамлекеттик китеп палатасы уюштурган “Жылдын мыкты китеби” сынагында “Жылдын мыкты поэзиясы” номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылды. Мекеменин басма сөз кызматы 4-декабрда билдиргендей, сынакка 2023-2024-жылдары басылган 400дөн ашык китеп түшкөн. Кыргызпатент сынактын максаты авторлордун чыгармачылыгына өбөлгө түзүү, мыкты китептерди коомчулукка жайылтуу, оригиналдуу басылмаларды аныктоо, көркөм дизайн жана полиграфиялык жактан сапаттуу чыккан иштерди элге таанытуу экенин маалымдады. Бурулкан Сарыгулова мунун алдында Жазуучулар союзунун 90 жылдык мааракесинде соңку эки жыл ичиндеги эмгектери үчүн Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болгон. Калемгердин быйыл “Мендеги мезгил” жана “Уютку кеп” деген эки китеби жарык көрүп, алардын бет ачары өткөн. Бурулкан Сарыгулова - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Алтын калем” адабий сыйлыгынын лауреаты.

Шерине

XS
SM
MD
LG