Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:54

Румынияда президенттик шайлоодогу добуштар кайра саналат


Бухаресттеги нааразылык акциясы. 27-ноябрь, 2024-жыл
Бухаресттеги нааразылык акциясы. 27-ноябрь, 2024-жыл

Румыниянын Конституциялык соту президенттик шайлоонун биринчи айлампасында берилген добуштарды кайра текшерүү жана санап чыгуу буйругун чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыктын” румын кызматы кабарлады.

24-ноябрда биринчи турда ашынган оңчул, Орусияга ыктаган көз карандысыз талапкер Кэлин Жоржеску добуштардын дээрлик 23% алып, алдыга чыккан. Экинчи болуп марага Кымпулунг шаарынын мэри Елена Ласкони келген. Жарыштын фаворити аталган солчул премьер-министр Марчел Чолаку үчүнчү орунду ээледи.

Сотко дагы бир талапкер, добуштардын 1,04% алган Кристиан-Василе Тержеш кайрылып, үгүт учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар болгонуна даттанган.

Шайлоонун экинчи айлампасы 8-декабрга белгиленген.

Жоржеску социалдык тармактарда, өзгөчө ТикТокто өтө популярдуу. Шайлоонун эртеси Жоржескуга каршы нааразылык акциялары борбор калаа Бухарест баш болгон бир нече аймакта өткөн. Катышуучулар саясатчынын радикал көз караштарына жана өлкөнүн келечегине тынчсыздануусун билдиришти.

Румынияда президенттин тышкы саясатка, улуттук коопсуздукка байланышкан жана башка маселелерде ыйгарым укуктары кеңири.

Беш жылга шайланган мамлекет башчы партиялар премьер-министрликке көрсөткөн талапкерлерди четке кага алат.

Шерине

XS
SM
MD
LG