Жалал-Абад шаардык кеңешинин 10-чакырылышынын депутаттары 28-ноябрда алгачкы сессияга чогулуп, Жалал-Абаддын мэри Эрнисбек Ормоков мандаттарды тапшырды. Шаардык кеңеште 41 депутат болсо алардын 12си аялдар.
Шайлоодо жеңип чыккан үч саясий партия “Бек” деген аталыштагы коалиция түзүштү. Анын лидери катары Нуртилек Болотов (“Жаңы Кыргызстан” партиясынын мүчөсү) шайланды.
32 жаштагы Орозбек Турдубеков шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланды. Ал “ЖБЗ Жалал- Абад бетон заводу” компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси.
Жалал-Абад шаардык кеңешине 2024-жылдын 17-ноябрында өткөн шайлоого үч гана партия катышып, баары тең беш пайыздык босого чектен өткөн. Алардын мандат бөлүштүрүүдөгү эсеби боюнча “Жаңы Кыргызстан” партиясы 20 мандат, “Адилет” партиясы 17 мандат, “Эмгек” партиясы төрт мандат алды.
17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин - 33 шаардык кеңештин жана 231 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. (TB)
Шерине