Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 25-ноябрдагы жыйынында мыйзамсыз менчиктештирилген, ижарага берилген, мурдагы мектеп, бала бакча, оорукана, маданият үйлөрү, спорт мекемелери жана башка объектилерин мамлекетке кайтаруу боюнча токтомдун аткарылышы талкууланды.
Депутаттарга мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин төрагасынын орун басары Элдана Сатарова маалымат берип, 2023-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан мамлекетке он объект кайтарылганын билдирди. Анын маалыматына караганда, Бишкек шаарында 4 бала бакча, 3 спорттук мекеме, 2 медициналык мекеме жана 1 башталгыч мектеп куруу үчүн жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Мындан тышкары учурда дагы 28 объект боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.
Депутат Айбек Маткеримов УКМКдан тышкары башка мамлекеттик органдар тарабынан мамлекетке кайтарылган объектилер боюнча кандай иш жүрүп жатканын сурады. Төраганын орун басары депутаттын бул суроосуна жазуу түрүндө кийинчерээк жооп берерин айтып, депутаттын сынына кабылды.
"УКМКнын маалыматын эле кайталап жатасыз. Прокуратура тарабынан, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги тарабынан кандай иштер жүрүп, канча объект кайтарылды? Даярданып келсеңиз болмок, комитеттин жыйынына толук маалымат менен келишиңиз керек болчу", - деди Маткеримов.
Комитет мүчөлөрү жыйынга агенттиктин төрагасы Алмаз Примов өзү келүүгө тийиштигин белгилеп, мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырышты.
Дагы бир депутат Медер Алиев Жогорку Кеңештин комитеттеринин жыйындарына айрым министрлер, жетекчилер өзү келбей, орун басарын жиберип коюп жатканын сынга алды.
"Резонанстуу, маанилүү маселелерде жетекчи өзү келиши керек. Кээ бир министрлер аябай куу болуп алышты, резонанстуу, талкуулануучу маселелерде "тепкиге" калуудан качып, орун басарын жиберип коюп атышат", - деди Алиев.
Ушул сыяктуу эле маселе 25-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында да көтөрүлдү. Комитет мүчөлөрү БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен Кыргызстандын ортосундагы келишимдин жаңыланган протоколун кабыл алуу тууралуу катына жооп берүү боюнча Министрлер кабинетинин жарлыгынын долбоорун карап жатып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Нарынбек Сатыбалдиевдин өзү келбегенине нааразылык билдиришти.
Депутаттар комитетте маалымат берүү үчүн келген министрдин орун басары Асел Раимкулованын жоопторуна канааттанбаганын билдирип, маселени кароону күн тартибинен алып коюшту.
Парламенттин жыйындарына министрлер жана мамлекеттик кызматтардын жетекчилери өздөрү келбей, орун басарларын жибергенине нааразылык Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан буга чейин да айтылып келген.
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 2023-жыл, 20-июндагы жыйналышында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, “Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин” айткан. Байсалов менен депутаттар ортосунда кайым айтышуу да чыгып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары андан кийин журналисттерге берген интервьюсунда оюн кайталаган.
Мындан кийин Жогорку Кеңеш Байсаловду кызматтан алуу боюнча токтом кабыл алып, ал аткарылган эмес. (ZKo)
Шерине