Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:13

Акын, “Азаттыктын” журналисти Бурулкан Сарыгулова Алыкул сыйлыгынын лауреаты болду


Бурулкан Сарыгулова.
Бурулкан Сарыгулова.

Жазуучулар союзунун 90 жылдык мааракесинде “Азаттыктын” журналисти, акын Бурулкан Сарыгулова соңку эки жыл ичиндеги эмгектери үчүн Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болду.

Калемгердин быйыл “Мендеги мезгил” жана “Уютку кеп” деген эки китеби жарык көрүп, алардын бет ачары өткөн болчу.

“Мендеги мезгил” китебине акындын ырлары кирип, “Уютку кеп” китебине журналисттик ишиндеги улут, коом, заман, тагдыр тууралуу интервьюлары камтылган.

Сарыгулованын китептеринин бет ачары 30-майда Бишкекте өтүп, анда 2023-жылдын аягында ТҮРКСОЙ уюму түрк тилинде чыгарган “Жолдогу ойлор” китеби да окурмандарга сунушталган.

Бурулкан Сарыгулова 1959-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

1977-78-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин даярдоо бөлүмүндө окуган. 1978-1983-жылдары ушул эле университеттин кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүн окуп, бүтүргөн.

Эмгек жолун 1983-жылы “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштаган. 1996-жылдан бери “Азаттык” радиосунда эмгектенип келет.

2005-2010-жылдары “Азаттык Медиа” мекемесинде кабарчы, программалардын редактору, 2010-жылы (апрель-ноябрь) “Азаттык Медиа” мекемесинин директорунун милдетин аткаруучу, 2011-2021-жылдары “Азаттык Медиа” мекемесинин директорунун орун басары - башкы редактору, 2021-жылдан баштап “Азаттык-Медиа” мекемесинин баяндамачысы болуп иштеп келе жатат.

Бурулкан Сарыгулова - “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, “Алтын калем” адабий сыйлыгынын лауреаты. (MZh)

Шерине

XS
SM
MD
LG