Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Шайлоо: "Адилет" партиясынын ишин кароо жылдырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаар кеңешине ат салышып жаткан "Адилет" партиясынын добуш сатып алууга шек саналып жатканына байланыштуу арызды кароо жылдырылды. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматында, буга партиянын кошумча документтерин суратуу зарылдыгы себеп болгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) Тергөө кызматы 14-ноябрда "Адилет" саясий партиясынын үгүтчүсүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1- бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголгону маалым болгон.

ШИИБдин басма сөз кызматы тергөөнүн жүрүшүндө И.Н., аттуу жаран "Адилет" саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер А.И., 113 шайлоочуга добуш сатып алуу үчүн 55 500 сом суммасында акча бергени, ошондой эле 1000 сомдон 2000 сомго чейин 17 жаранга М-банкка которгону аныкталганын билдирген.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 14-ноябрда Бишкек шаардык милициясынын добуш сатып алуу боюнча козгогон кылмыш ишинин негизинде Социал-демократтар партиясын шайлоодон четтеткен.

13-ноябрдын кечинде милиция социал-демократтардын Бишкектеги шайлоо штабын тинтип, штабдын төрайымын, мүчөлөрүн жана шаардык кеңешине талапкер болгон Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбековду суракка алып кеткен. Бир нече саатка созулган сурактан кийин Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков кое берилген, ал эми Социал-демократтардын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын Роза Турксевер аттуу тарапташы кармалганын ырастаган.

14-ноябрдын таңында Султанбеков кайрадан кармалып, 14-ноябрдын кечинде камакка алынганы кабарланган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өтөт.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG