Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:03

Кыргызстан: Он эки жылдык окуу системасы – замана талабы


Бала бакча жана мектеп. Ак-Сай, Баткен.
Заманбап бала бакча жана мектеп. Ак-Сай кыштагы, Баткен, Кыргызстан. 07.12.2023.

Кыргызстанда бүйүр кызыта талкууга алынган суроолордун бири – мектептерде окутууну 12 жылдык системага которуу керекпи же жокпу? деген маселе. Дүйнөдөгү басымдуу өлкөлөрдө орто мектепте окутуу бери дегенде 12 жылды камтып жаткан чакта, Кыргызстан обочолонгон Беларустун ж.б. жолоюна түшкөнү ылайыкпы? Тарыхчынын блогу.

Дүйнө жүзүндө орто мектептер негизинен 11, 12 же 13 жылда аякталат

Албетте, балдарга орто мектептерде таалим берүү көйгөйү дүйнөдөгү ар кыл өлкөлөрдө ар башкача чечилип келет.

Улуу Британия, Франция сыяктуу азганактай өлкөдө мектепте окутуунун 13 жылдык системасы киргизилген, бирок дүйнөдөгү өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгүндө 12 жылдык окутуу системасы калыптанган.

Кыргызстандын учурдагы Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева айым “Азаттык” үчүн курган маегинде азыркы тапта Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон 190дой өлкөнүн 150дөй өлкөсүндө мектепте 12 жылдык окутуу системасы иштеп жаткандыгын баса белгиледи.

Тасма. Министр Д.Кендирбаева 12 жылдык окуу, билим берүүдөгү жемкорлук, “чет элдик өкүл” мыйзамы ж.б. тууралуу. 15.3.2024 (05:43 мүнөттөн).

Мектепте 12 жылдык окутуу системасын кабыл алган 150дөй мамлекеттин арасында Батыштын АКШ сыяктуу өнүккөн өлкөлөрү гана эмес, дүйнө жүзүндөгү көптөгөн башка мамлекеттер да бар.

Маселен, билим берүү жаатында олуттуу ийгиликтер жараткан Финляндия, ошондой эле Армения, Балтика боюндагы постсоветтик өлкөлөр, Болгария, Грекия, Сербия, Чехия, Латын Америкасындагы Бразилия, Азиядагы Жапония, Израил, Индонезия, Иран, Кытай Эл Республикасы, Түркия, Түркмөнстан, Филиппин, Африкада – Түштүк Африка Республикасы, ж.б.

2017-жылы Өзбекстанда билим берүү тармагындагы буга чейинки реформалар жандырылып, 12 жылдык программадан кайрадан 11 жылдык окутууга өтүшкөн. (Он эки жылдык окутуу системасы өлкөдө жети жылдай гана өкүм сүргөн).

Андан бери Өзбекстандагы билим берүү тармагында кандай өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын дагы тактоо керек. Бирок, менимче, артка кайтуунун башкы көйгөйү – бул өлкөдө баскыч-баскыч кылып реформалоо долбоорунун өксүктүгүнө байланыштуу болсо керек.

Казакстанда айрым орто мектептер 2003-жылдан тартып өрнөк катары 12 жылдык окутуу системасына өткөрүлгөн. Эми, 20 жылдык тажрыйба топтоодон соң, өлкөдөгү башка орто мектептер дагы ушул усулга өткөрүлүүдө.

Борбордук Азиянын түштүк ыптасындагы талиптер 2021-жылдын августунан тартып бийликке келген Ооганстанда, маселен, мектептерде баштапкы жана жогорку класстарда таалим берилет, арийне, жогорку класстарда эркек балдар гана окушсун, деген окуучуларды жыныска бөлгөн расмий талап бар. Бирок, баса белгилесек, бул өлкө да 12 жылдык окутуу системасын колдонууда.

Албетте, 11 жылдык окутуу системасында кала берип жаткан азганактай өлкөлөр бар экендигин айтуу абзел. Алардын арасында Азербайжан, Беларус, Венесуэла, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөр бар.

Бул өлкөлөрдүн мектеп бүтүрүүчүлөрү 12 жылдык окутуу системасы бар чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларга окууга тапшырган чакта орто мектепти бүтүрүүчүнүн аттестаты жетишсиз саналып, кошумча сынактар тапшырган же атайын даярдоо курсунда же семестринде милдеттүү окушу керек болгон жагдайлар орун алууда.

Кыргызстан мектепте 12 жылдык окутуу системасына өтөт

Кыргызстандагы быйылкы жакшы саамалыктардын бири – агартуу системасындагы реформага байланыштуу болууда.

Кыргызстандын Министрлер кабинети 2024-жылы 15-мартта өткөргөн отурумда 12 жылдык орто билим берүү камтылган "Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө" аттуу тескемени жактыргандыгы кабардалды.

Кыргыз Өкмөтүнүн интернет барагында жарыяланган маалыматта окуу мөөнөтүн өзгөртүү аркылуу кыргызстандык окуучулардын сабаттуулугун жана жарамдуулугун (компетенттүүлүгүн) жогорулатуу максат кылынгандыгы баса белгиленет.

Өкмөттүк бул чечимде мектептин жалпы билим берүү системасын 12 жылдык билим берүү өрнөгүнө улам жаңы баскычтар аркылуу өткөрүү жолу сунушталган. Анда өлкөнүн экономикалык бакыбаттыгы үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү адамдык капиталды өнүктүрүү мүдөөсү да айтылган.

Албетте, расмий документте айтылгандай, бул реформалык жүрүм дүйнөдөгү заманбап билим берүү агымына ылайык өлкөдөгү билим берүүнүн мазмунун жаңылоону да камтышы керек.

Кыргызстанда жаңыдан киргизилип жаткан таалим-тарбия реформасына ылайык, 5–6 жаштагы тестиер балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алууга тийиш.

Албетте, муну да реформанын жеткен жери деп атоого болбойт. Бул дагы өткөөл доордун реформасы.

Анткени дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө балдар бакчасындагы (5 жашка чейинки) таалимди дагы башталгыч жана орто мектептердеги жана жогорку окуудагы тарбия жана окутуу системасынын ажырагыс бөлүгү катары карашууда.

Жакшылап байып алгыча реформаны маалкатуу керекпи?

Айрым замандаштарыбыз азыркы тапта каражат өп-чап, мугалимдин айлыгы аз, мектептер дурус каржыланган эмес, “кой үстүндө торгой жумурткалаган учурга” чейин реформаларды коё туруу керек, деп каршы пикирлерин билдирип жатышат. Өкмөттү каргап-шилеген жана кызуулукка алдырып ачуу сындаган ойлор да айтылбай койгон жок.

Реформа – көп баскычтуу иш-аракет. Анын баштапкы баскычына кетчү каражатты дароо 12 жылдык каражат катары карабоо зарыл деп ойлойм.

XX кылымдын башында жадиттер өз мектептерин жарандык демилгелер аркылуу гана өрнөк ирээтинде жүзөгө ашырышкан. 1918–1926-жылдардагы советтик алгачкы мектептер дагы кыргыздын далай демөөрчү байларынын жардамдарына таянышкан. Көптөгөн алгачкы советтик мугалимдер – мурдараак (1917-жылкы ыңкылаптарга чейин) жадитчилер даярдаган агартуучу адистер болгон.

Постсоветтик доордо “Сапат” таалим-тарбия берүү тармагы да өкмөттүк каражатсыз эле иш баштаган. Өлкөдөгү айрым автордук мектептер дагы – коомдук демилгелердин туундусу.

Интернет менен санариптин көмөгү. Дарвин. Туси.

Интернет жана санарип доорунда, ачык-айкындык шарттарында жана жарандык демилгелердин колдоосу астында ар кандай өлкөдөгү билим берүү системасы араба сүйрөгөн бир аттын кубатына эмес, космос кемесин телегейге (космостук мейкиндикке) чыгарган миллиондогон аттын күчүнө барабар ракетанын кубатына тете күчкө ээ болот.

Талиптердин тыюуларына карабастан, өз кыздарын жашыруун түрдө өз алдынча окутуп жатышкан каарман ооган ата-энелердин окуялары тууралуу кабарларды окуп калдым.

Окуп жаткан жеткинчек кыздар. Кабул. 26.9.2023.
Мусулман семинарийинде таалим алып жаткан жеткинчек кыздар. Кабул, Ооганстан. 26.9.2023. (Мектеп жашындагы ооган кыздарынын 80 пайыздайы азыркы тапта мектептерде окубай калышты).

Маселен, “Вашингтон пост” басылмасынын кабарчысынын 2022-жылдын сентябрындагы маалыматына караганда. талиптердин көзөмөлдөөчүсү мындай жашыруун мектепке кокусунан кирип калчу болсо, анда бөлмөдөгү эрезеге чыкканы калган кыздардын ар бири жанындагы “Куранды” ача калууга даяр турушат экен.

Ооган окуучу кыздары да санариптик ыкма аркылуу окуу китептерге жана окуу каражаттарына жетүүдө. Ооганстандагы 34 вилайеттин бардыгында тең начар да болсо интернет байланышы бар.

Айрым мусулман өлкөлөрүндө Дарвиндин жана башкалардын эволюциялык теориясы “жарамсыз жоромол” катары сынга алынып окутулат же эч кандай окутулбайт. Пакистандын англисче окуу китептеринде эволюциялык теориялар тууралуу маалымат камтылган.

Дегиңкиси, эволюциялык теорияга жакындаган ачылыштарды мусулман илимпоздору да жасашкан. Маселен, математика, механика, тригонометрия жана астрономия жаатындагы эмгектери менен даңазаланган мусулман ойчулу Насирдин Туси (Мухаммед ибн Мухаммед ибн ал-Хасан Насир ад-Дин ат-Туси; 1201–1274) түрк, арап, парсы жана грек тилдерин билген. Анын 1232-жылы жазылган “Насирдин адеп-ахлактары” (“Akhlaq-i Nasiri”) чыгармасында жаратылыштагы эволюциялык теорияны чыгарууга багыт берген илимий жоромолдор камтылган.

Мага жолуккан далай ирандыктар бул эволюциялык өнүгүү жаатындагы дээрлик тыюу салынган илимий түшүнүктү өз алдынча өздөштүрүүсү үчүн Иранда деле кеңири мүмкүнчүлүктөр болгондугун айтышкан.

Демек, азыркы интернеттик маалымат казынасынын шартында өз алдынча билимин өркүндөтүү үчүн кишиге зээндүүлүккө кошумча жеке демилге гана керектиги анык.

Мындан улам, заманбап агартуу реформасына интернет жана санарип мүмкүнчүлүктөрү мурда тарыхта болбогондой олуттуу көмөк кыла алышат деп тыянак кыла алабыз.

Жаштар полиглот болуусу үчүн шарт жаратуу керек

Совет доорундагы орто мектептердеги материалдардан падышалык доордо, 1870-жылдардын экинчи жарымында, жеткинчек Володя Ульяновдун (болочокку Лениндин) кантип мектептен жаркылдап келип, ата-энесине латын сабагынан мыкты баа алдым деп мактанып айткан сөздөрү тууралуу көп эле окучубуз.

Володя Ульянов ата-энеси жана бир туугандары менен. 01.01.1879.
Гимназист Володя (Владимир) Ульянов ата-энеси жана бир туугандары менен. Симбирск. Мында ал оң жактан биринчи болуп отурат. 01.01.1879.

Падышалык мектепте окуп жүрүп, Володя Ульянов чиркөөдө колдонулган славян тилин (демек, ага жакын украин тилин дагы), андан тышкары латын, байыркы грек, немис жана француз тилдерин үйрөнгөн. Симбирск шаары казан татарларынын жери болгондуктан, ал татар тилин да билген деген маалымат бар. Ал поляк, чех тилдерин дагы чиркөөлүк славян тили боюнча баштапкы билими аркылуу эркин өздөштүрө алган.

Кийинчерээк Ленин англис тилин да өздөштүргөн жана Британдык китепканада далай англисче эмгектерди окуган, италиялыкча үйрөнүү аракетин жасаган.

Лениндин бала чагы тууралуу кызыктуу маалыматтарды окуп жатып, “эмне үчүн бизге чет тилдер өтө аз тапшырылган?” деген мыйзамдуу суроону өзүбүзгө берчү эмеспиз. Ар кандай мектеп окуучусуна канчалык аз тилди окууну таңуулашса, ошончолук анын мүмкүнчүлүгү тарыйт эмеспи.

Азыркы тапта мектептерде чет тилдер жана кыргыз тили начар окутулуп жатышат, деген да калыс сын пикир бар. Туура. Ал жаатта өксүктөр жок эмес.

Ошону менен катар эле кыргыз тили боюнча окуу китептери канчалык сындалып жаткандыгына карабастан, он миңдеген чет өлкөлүктөр Кыргызстанга келип, жарым жылдын ичинде кыргызча сүйлөмөк түгүл, комуз чертип ырдаганга чейин жетишкенине күбө болуудабыз.

Элетте байырлап жүрүп эле, эл аралык туризмден пайда көрүү үчүн англис тилин өз алдынча өздөштүрүп алган карапайым тоолуктарды азыр Ат-Башыдан да, Чоң Алайдан да учуратасыз. Алар “окуу китеп начар болчу” деп каныйлабастан, өз демилгелүү аракетин жасап, ушундай натыйжага ээ болушту.

Англис тилди өз алдынча өздөштүргөн кыргыз математиги, профессор Жалалидин Жээнбай азыркы тапта чет мамлекеттердеги университеттерде (анын ичинде Дубайдагы Зайед университетинде жана АКШнын Монтана университети менен Рожерс мамлекеттик университетинде) математикадан жана статистикадан англис тилинде дарс окуп келет.

Саясий себептерден улам бозгунга кетип, Швейцарияда байырлап калган журналист Жеңишбек Эдигеев франсуз-кыргыз сүйлөшмө сөздүгүн жарыялоого жетишти.

Көптөгөн тилдерди өз алдынча үйрөнгөн Айнура Жекше кызы сыяктуу полиглот айдыңдарыбыз да бар.

Кош тилдүүлүк – дурус пайдубал болгон

Темадан оолактагандай болсок да, бир ойду айта кетейин. Негедир "кыргыздар чет тилдерди оңой өздөштүрүшөт экен” деген сөздү кыргыз мигранттардан көп ирет уктум.

Бул – улутубуздун кандайдыр бир өзгөчө касиетке ээ болгондугунан эмес.

Бул – совет доорунан тартып өз эне тилибизден тышкары жок дегенде дагы бир тилди өздөштүргөн кош тилдүү (билингвалык) тарбиянын кыртышында жаралган коомдук тажрыйбанын мөмөсү.

Индиядагы жергиликтүү тургундар дагы мурдагы оторчулук доорунда британдык оторчуларга жем жедирбөө үчүн англис тилин мыкты үйрөнүүгө далаалат кылышчу.

Ала-Тоодогу кош тилдүүлүк салты – өлкөбүздөгү кыргыз тилдүү мектептерде гана жүзөгө ашырылган, 1961–1991-жылдары орус тилдүү мектептер дээрлик куру жалак калган бир тараптуу тарбиянын мөмөсү болчу.

Кыргызстандагы орус тилдүү мектептерде коммунист Т.Усубалиев бийлеген доордон тартып Советтер Биримдиги кулаганга чейин кыргыз тили сабагы кирбегендиктен жана мамлекеттик тилибизге расмий кадырлоонун жоктугунун айынан, жөнөкөйлөтүп айтканда, орус тилдүү мектепте окугандар дүкөндөгү “мясо” деген сөз кыргызча “эт” деп которулаарын, “молоко” сөзү “сүт” деп которулаарын жаттоодон да эринишкен.

Жергиликтүү мамлекеттик тилди үйрөнбөй койгон ошондой кишилерди “баскынчы же аңкоо” деп сындай коём деп, 2024-жылдын башында бир ташкендик университеттин ректору, публицист Шерзат Кудраткожаев (Sherzod Tojiddinovich Qudratxo'ja) жакында айрым орусиялыктар тарабынан талоонго кала жаздады.

“Россотрудничество” уюмунун башчысы Евгений Примаков эми Шерзат Кудраткожаев мырза эле эмес, анын жакындары дагы Орусия менен ишкердик жүргүзө албай калышса, же анда окуй албай калышса, же жөн гана турист катары ага каттай албай калышса, анда Кудраткожаев мырза “таарынбайт деле болушу керек деп ишенем”, – деп жыландын башын чыгарып сес көрсөтө сүйлөдү (төмөнкү тасманы караңыз).

Тасма. Өзбекстандык ректор Ш.Кудраткожаевдин сөзүнө карата талкуу. (00:15 03:35 мүнөттөрдү караңыз). Орус тилинде. 15.2.2024.

Бирок, калыстык үчүн айта кетсек, 1980-жылдары мен Ташкенде өзбек тилин дурус билген далай орус тилдүү тургундарды учураткам.

Өзбекстандын орус тилдүү мектептеринде өзбек тилинен да сабак берилчү. Демек, бул жумурияттагы тургундарга мамлекеттик тилди билүү үчүн жөнөкөй шарттар мурдатан эле түзүлүп берилген.

Бизде кыргызча түш жоруган Владимир Унгефухт, Ксения Мороз (Сейне Искенова), Болотбек Кузьменко, Смар Шимеев, Александр Костюк, Вячеслав Шаповалов, Юрий Бобков сыяктуу замандаштарыбыз болгонун жана бар экендигин билебиз, бирок алар көлмөнүн анча-мынча тамчысындай эле азганактай санда болгон.

Мурдагы КПСС бийликтен кеткенинен бери 33 жылдын жүзү болду. Андан бери орус тилдүү тургун жылына 100 эле кыргыз сөзүн жаттаса, анда анын сөз байлыгы бери дегенде 3300 болмок.

Мынчалык көп сөз билген киши орусиялык сатириктер И.Ильф менен Е.Петров “Он эки отургуч” чыгармасында келекеге алган жана 300 гана сөз аркылуу “өз маселелерин чече алган” Эллочка Щукинага караганда сөз байлыгы жагынан алда канча терең болуп жатпайбы!..

Мигрант кыргыздар башка өлкөлөрдө Эллочканын деңгээлинде калбастан, өздөрү жашаган өлкөдө өз укугун коргоо жана татыктуу жашоо үчүн чет тилдерди жана чет жердик маданиятты астейдил үйрөнүшүүдө. Бул – абдан туура турум.

Учурда алатоолук кыргыздар жок дегенде эки тил билишет. Ал эми бири-бирине таптакыр окшобогон агглүтинатив кыргыз тилин жана кайсы бир флексиялуу индоевропалык тилди өздөштүргөн киши үчүн кезектеги үчүнчү, төртүнчү, бешинчи... тилдер андан ары оңой өздөштүрүлө берет.

Демек, окутуунун жаңы программаларында маркум Чыңгыз Айтматов осуят кылган серени – улан-кыздар бери дегенде төрт тилди (өз эне тилинен башка үч тилди) өздөштүрүүгө тийиш, деген талапты – турмушка ашыруу үчүн шарттар камтылышы керек.

Менимче, азыркы кыргызстандык мектеп окуучулар кыргыз жана индоевропалык тилдерди гана окуп чектелбестен, чыгыштын бир тилин, андан тышкары орто кылымдардагы битик жазмасын (руна сымал жазманы) да өздөштүрүүгө тийиш. Битик жазмасындагы алтымыш чакты тамгалык белгини жаттоо үчүн көп деле нейрон коробойт эмеспи.

Британдыктарга советтик таалим системасы өрнөк болгонбу? Жарамдуулук жааты.

Кээде интернеттеги коомдук тармактарда “Улуу Британия мурдагы Советтер Биримдигинин өрнөгүн кабыл алыптыр” деген айың кептер улам-улам кайталанып жазыла калып жүрөт.

Менин уулум Алмаз 1998–2000-жылдары Лондондогу мектепте окуп калды. Бул өлкөнүн окутуу системасын, демек, үй-бүлө мүчөлөрүбүз жакшы билебиз.

Окуусунда эч кандай цензура жок жана окуучуларды эркин ой жүгүртүүгө чакырган заманбап британдык мектепте тоталитардык советтик мамлекеттин билим берүү системасынын эч бир жыты да жок, деп ачык айта алам.

Муну балдары Улуу Британияда бир нече жыл же толук таалим алган Арслан Капай уулу сыяктуу башка замандаштарым деле тастыкташат ко деп ойлойм.

Албетте, британдык айрым агартуу министрлери заманбап Түштүк Кореядагы мектеп таалиминин айрым өзгөчөлүктөрүн мактаган учурлар болгон. Бирок Түштүк Корея дагы эч качан советтик коммунисттик таалим системасын жактаган эмес.

Түштүк Кореянын билим берүү тармагы дагы айрым кемчиликтерге ээ.

Соңку жылдары бул өлкөдө да иши кылып жалпы илимий маалыматты бардык окуучуларга таңуулаган ыкмадан жогорку класстардагы окуучунун жөндөмүнө ылайык ар кыл тандоо мүмкүнчүлүктөрүн жараткан нукка – окуучунун жарамдуулуктары (даремети) эске алынган нукка түшүү аракеттери жасалууда.

Жарамдуулук – ар бир инсандын өзгөчөлүгүн камтышы керек. Сүрөттү мыкты тарткан, мыкты ырдаган окуучу болушу мүмкүн, ырга жок, бирок алгебрадан же химиядан мыкты болгон окуучу болушу мүмкүн, чыканактай кезинен көркөм чыгарма жазган окуучу чыгышы мүмкүн, элеттен чыгып, мээнети менен дүйнөлүк балбанга айланган Айсулуу Тыныбековадай спортчу чыгышы мүмкүн.

Жеткинчек кийинчерээк улам жаңы адистикке өтүүгө ийкемдүү инсан да болушу мүмкүн, өмүр бою бир гана адистикте байсалдуу иштеген инсан катары деле маалым болушу мүмкүн.

Ушул балдардын бардыгы тестиер кезинде партага алгач отурушат, 17–18деринде “тезирээк орто мектепти бүтсөм экен” деп самашат.

Балким, окуучунун жарамдуулугун арттыруу боюнча дүйнө жүзүндөгү эң жаңы саамалыктарды кыргызстандык педагогдор камсыз кылышаар?

Таалим-тарбияда саамалыктарды шардана кылуу зарыл

Кыргызстандагы болочоктогу 12 жылдык мектептик таалим системасында баштапкы класстарда окуган тестиерлерге эч кандай баа коюлбашы керек, деп да санайм. Алардын ар тараптуу талантын ачуу үчүн расмий баадан башка ыкмаларды колдонуу керек.

Маселен, жакшы ырдаса, жакшы сүрөт тартса, жакшы эсеп чыгарса, эне тилде же чет тилде жакшы текст жазса, андай окуучуну эл көзүнчө алкап, мактоо барагын берүү, ж.у.с. ыкмалар арбын. Жеткинчектер жылуу сөзгө, эркелетүүгө, шыктандырууга ар дайым муктаж. Бирок эч бир тестиерди “сабагыңды өздөштүрбөдүң” деп жемелөөгө болбойт.

Окуучулардын айрымдары мектептен тышкаркы маалда (үй-бүлөдө, көчөдө) кандайдыр бир кодулоого кабылып жаткандыгы аныкталса, мектеп өкүлдөрү жана коомчулук бул окуяларга да кайдыгер калбашы керек.

Сөгүнгөн, кол жазгаган, чет жактагы ачуусун окуучудан чыгарган ар кандай мугалимди жана тарбиячыны педагогдук кызматка жолотпоо керек. (Мурда көптөгөн өлкөлөрдө тентек делген окуучуга кол көтөргөндүктү “туура тарбия” катары караган учурлар көп болгон).

Мектептеги жеткинчектер. Бишкек. 05.3.2022.
Орто мектептеги жеткинчектер. Бишкек, Кыргызстан. 05.3.2022.

Тарбиядагы жаңы көрүнүштөргө чакырыктардын бири – режиссёр Руслан Акундун “Агай” деген көркөм тасма түрмөгү болду. Анын башкы каарманынын прототиби – арабызда эле татынакай иштеп жүргөн элеттик педагог Гапыр Мадаминов аксакалыбыз.

Биздин айылыбызда өмүр бою биологиядан мыкты сабак берген бир агайыбыз ардагерликке чыгаар алдында ал көптөн күткөн бир наам ыйгарылбай калып, ал агай түгүл, көпчүлүк айылдаштар “атаганат!” деп өкүттө калган элек.

Мугалимдин кадыр-баркын кандайча жогору көтөрүү керектигин элетте мугалимдик кылып жүрүп, 1996-жылы “жылдын мыкты мугалими” сыйлыгына ээ болгон азыркы министр Догдуркүл Кендирбаева айым дурус билет деп ойлойбуз.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги жана аймактык агартуу мекемелери мындай жаратман мугалимдерди даңазалоого мындан ары аткаминерлик сараңдык кылбашы керек. Ошондо агай-эжейлер улам жаңы саамалыктарды жаратууга ашыгышат.

Мугалимдерге өсүү үчүн шарт түзүүгө кол кабыш

Кыргыз Өкмөтү жана Билим берүү жана илим министрлиги Түркиядагы жакшы иштеп жаткан мугалимдерге жана жалпы педагогдорго камкордук кылуу усулдарын үйрөнүшү абзел. (Түркияда курорт жайларда атайын мугалимдер эс алган үйлөр курулган, өз ара тажрыйба алмашуу семинарлары байма-бай өтөт).

Кыргызстандын Билим берүү академиясын дагы агартуу тармагындагы реформалардын уюткуларынын бири катары чыңдоо, анын усулдук тарбия боюнча көп тилдүү интернет барагын түзүү, “Эл агартуу” сыяктуу басылмаларды чыңдоо зарыл.

Тарбиялык мааниси зор көркөм жана даректүү тасмаларды, жана ар кыл темалар боюнча сунушталган видео жана сүрөт материалдарды жана подкасттарды, жазуучу Кеңеш Жусупов өзүнүн Каныбек Иманалиев сыяктуу шакирттери менен даярдаган “Кыргыздар” сыяктуу хрестоматиялык материалдарды, Кыргыз энциклопедиясынын бардык тармактык энциклопедияларын, “Мурас” фонду, университеттер, КР УИАсы ж.б. жарыялаган жыйнактарды, “Кут Билим” гезитинин маанилүү жана көөнөргүс усулдук маалыматтарын акысыз жана ачык сунуштаган кубаттуу интернет кампасын Кыргыз Өкмөтүнүн каражатына узак мөөнөттүү мултимедиалдык санариптик таалим казынасы катары жаратуу керек.

Кыргызстанда new.bizdin.kg сыяктуу интернет барактары да бул жаатта огожо боло алышат. Кыргыз тексттерин кирил, латын жана арап алфавиттерине дароо которуу мүмкүнчүлүктөрүн тартуулаган qyrgyz.com деген интернет барагы да алгылыктуу.

Бул жана башка санариптик жана интернеттик маалымат топтомдору жалпы мугалимдердин колун узартат жана окуучуларга эне тилде жана чет тилдерде өз алдынча үйрөнүү үчүн интернеттик казынанын пайдубалын жаратат.

Кыргызстанда да демилгелүү ата-энелер жана жалпы коомчулук Кыргыз Өкмөтү баштаган бул соңку билим берүү реформасына кайдыгер болуп кала бербейт, өздөрү дагы кол кабыш кылышат, деп ишенем.

Авторитардык Орусиядан көчүрүлүп алынган “чет элдик агент” тууралуу мыйзам өлкөбүздөгү агартуу багыттарында жигердүү иш алып бара жаткан уюмдарга жана жарандарга кесепетин тийгизбесе экен, деп да чочулайбыз.

Агартуу тармагында иш алып бара жаткан жергиликтүү жана эл аралык бейөкмөт уюмдар жана кайрымдуулук корлору өкмөттүн расмий коргоосуна ырааттуу түрдө ээ болушу да зарыл.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG