Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:39

Москва: "Насыясы барлар айласыздан согушка кол коёт"


Москвадага коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө чакырган мекеме.
Москвадага коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө чакырган мекеме.

Орусиянын Москва шаарында Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө чакырган мекемеге рейддерде кармалган мигранттар, насыясы бар жарандар же абактагылар ыктыярдуу түрдө согушка баруу келишимине кол коюу үчүн алып келинет. "Азаттык" менен сүйлөшкөн каармандар жана укук коргоочулар ал жердеги жагдайды айтып беришти.

"Абдан сылык мамиле кылышат"

Кыргызстандык Азамат Москвада рейдде кармалгандан кийин шаардагы Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн мекемеге жеткирилген:

"Менин документим туура эмес болуп калганы үчүн кармап кетишкен. Андан кийин бизди автобус менен Яблочкова көчөсүнө жеткиришти. Ал жерде тынбай автобустар менен адамдар келип жатты. Киши абдан көп. Бизди аябай сылык сүйлөгөн формачан кишилер тосуп алды. Алар ошол жерде акчасын айтып беришти. Макул болгондорду ошол эле жерден дарыгерлерге жиберишти. Мен кан тапшырдым, дагы эки догдурга кирип чыктым. Жанымда өзбек жараны бар болчу. Анын кредити бар экен. Төлөй албай калган үчүн келдим деп айтты."

Коргоо министрлиги менен келишимдин үлгүсү.
Коргоо министрлиги менен келишимдин үлгүсү.

Азамат ал жерде медициналык кароодон өтүп, бирок анализинин жыйынтыгы үчүн келишимге кол койгон эмес.

"СИЗОдогуларды да ошол жерге алып келишет экен. Өзүлөрү каалап келгендерди деле көп көрдүм. Көбү акчасына кызыкса керек. Ошол жерден дароо кол коюп, формаңды алып чыгасың. Мен үч жолу кан тапшырдым. Анткени анализим начар чыкты. Кайра-кайра тапшыртышты. Бирок аягында менин оорум бар болгону үчүн согушка жиберилбейсиң деп айтышты. Жанымдагылар кол коюп беришти", - дейт ал.

Москвадагы Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн мекеме.
Москвадагы Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн мекеме.

Азамат айтып жаткан мекеме Москванын Яблочкова көчөсүндө жайгашкан, борбор азиялык мигранттар бул жерди "Яблочко" деп атап коюшат.

"Ал жерди согушка алып кеткен жер деп коёбуз. Мен такси айдап, көп өтөм. Дайым узун кезекти көрөсүң. Бирөө отурганда да "Яблочко" десе, дароо түшүнөсүң. Өзүм кардарларды көп жеткирип бардым", - дейт Москвадагы Азиз.

Москвадагы Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн мекеме.
Москвадагы Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн мекеме.

Сөз болуп жаткан имаратта дароо эки мекеме жайгашкан. Биринде аскер комиссариаты, экинчисинде Коргоо министрлиги менен ыктыярдуу келишим түзгөн пункт. Келишим түзүүгө чакырган орус медиасынын пропагандалык сюжеттеринде бул мекемени күн алыс көргөзүшөт.

Интерннетте тандоо пункттунда Москва аскер комиссариатынын өкүлдөрү, дарыгерлер жана психологдор, фотографтар, банк кызматкерлери, нотариус жана Федералдык сот аткаруучулар кызматынын кызматкери болгон 100дөн ашык адам жана ыктыярчылар иштейт деп жазылган. Маалыматка караганда, Коргоо министрлиги менен келишим түзгөндөр ошол жерде карызынан же насыясынан бошотулуп, үй-бүлөсүнө жеңилдетүүлөр каралган.

Коргоо министрлиги менен келишим түзүү пукнтту.
Коргоо министрлиги менен келишим түзүү пукнтту.

Айжаркындын согушка кеткен иниси тууралуу "Азаттык" бир нече апта мурун макала жарыялаган. Анда анын иниси Москвадагы тергөө абагында отурган жеринен согушка кол коюп кеткенин, жаракат алганына карабай бир нече жолу фронтко жиберилгенин баяндаганбыз. Айжаркын инисин издеп аталган имараттын эшигин бир нече жолу каккылаган:

"Менин иним менен кошо дагы башка абакта отургандарды ошол Яблочковага алып келишкен. Ошол жерде кол коюп, анан кеткен. Көрсө буларды биринчи абакта алдап, анан ошол жерге өзүлөрү ыктыярдуу түрдө кол койгону келди деп алып келишет экен. Мен ал жерге иним тууралуу маалымат алайын деп бир нече жолу бардым. Мага окшоп жакындарын издегендер көп келет экен. Бирок эч кандай маалымат беришпейт. Мен барганда башка дагы кыргыз байкелерди көрдүм. Алар да кол койгону келген экен."

Орусияда жаңы мыйзамга ылайык, кылмышка айыпталган жаран согушка барууга макул болсо, жоопко тартылбайт. Андай жарандар Коргоо министрлиги менен келишим түзөт. Федералдык жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, 2024-жылдын башында Орусиянын тергөө абактарында 106 миңдей киши отурган. Алардын канчасынын иши сотко өткөнү же Коргоо министрлиги менен келишимге кол койгону тууралуу ачык маалымат жок.

Орус жарандарын кандуу согуштан баш тартууга чакырган "Идите лесом" кыймылы Яблочковадагы мекеме жарандарды орус бийлиги айтып жаткандай ыктыярдуу эмес, мажбурлап согушка жиберет деген пикирде. Кыймылдын активисти Иван Чувиляев буларды айтты:

Иван Чувиляев.
Иван Чувиляев.

"Ал жерге жарандарды автобус менен алып келишет. Рейдде кармалган мигранттар, насыясын төлөй албаган жарандар, абактагыларды да ошол жерге алып келишет. Бул жерде алардын баары ыктыярдуу, өзү каалап кол койдубу деген суроо жаралат. Андайлар болушу мүмкүн, бирок алар иш жүзүндө өтө аз. Согушка барам деп кол койгондордун дээрлик баары экономикалык фактордон улам же орус өкмөтүнөн көз каранды болгон үчүн макул болушат. Орус медиасы айтып жаткандай баары ыктыярдуу эмес".

"Важные истории" басылмасы федералдык бюджеттин чыгашалары тууралуу маалыматка таянып, бир жылда орус армиясында кызмат өтөө үчүн келишим түзгөндөрдүн саны алты эсеге өскөнүн жазган.

Маалыматтарга караганда, өткөн жылдын биринчи жарымында 26 700 адам келишим түзгөнү үчүн бир жолку төлөм алса, быйылкы жылдын ушул мезгилинде алардын саны 166 миңге жеткен.

Келишим түзгөн аскерлер санынын кескин өсүшү биринчи кезекте аларга төлөнүүчү акчанын көбөйүшүнө байланыштуу экени белгиленген.

“Азаттык” Орусиянын Украинадагы согушунда теги кыргызстандык 51 киши набыт болгонун аныктаган. Алардын 25и Кыргызстандын жараны. Айрымдарынын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болсо, кайсы бири кийин кыргыз жарандыгынан баш тарткан.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG