Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28
Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп менен, 6-ноябрь, 2024-жыл
Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп менен, 6-ноябрь, 2024-жыл

АКШда президенттик шайлоодо Дональд Трамп жеңди

15:47 6.11.2024

Еврокомиссиянын төрайымы, Урсула Фон дер Ляйен:

Евробиримдик жана АКШ жөн гана союздаштар эмес. Биздин 800 миллион жараныбыздын башын кошкон чыныгы өнөктөштүк бириктирет. Ошондуктан баарыбызга пайдалуу бекем трансатлантикалык күн тартибинин үстүнөн чогуу иштейли.

16:01 6.11.2024

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Трампты Х социалдык түйүнүндө куттуктап, чогуу иштөөгө даярдыгын билдирди.

«Төрт жыл мурункудай эле чогуу иштешкенге даярбыз. Сиздин жана менин ишенимим, урматтоо жана бир максат менен. Бекем тынчтык жана гүлдөп өнүгүү үчүн».

16:10 6.11.2024

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын лидери Жанар Акаев АКШдагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен Дональд Трамптын жеңишке жеткен жана Кыргызстан менен АКШнын алакасынын келечеги тууралуу “Азаттыкка” мындай пикири билдирди:

“АКШда бийлик алмашканда баалуулуктар түп тамырынан өзгөрүп кетет деп айтууга болбойт. Анткени бул өлкөдө бекем мамлекеттик система иштейт, ал бир адамдан көз каранды эмес. АКШда мамлекеттик институттар мурдагыдай эле иштеп, демократия, адам укуктары, сөз эркиндиги сыяктуу башкы баалуулуктар ошол боюнча сакталып калат. Кыргызстандыктар Трамп шайлоодон уткандан кийин мигранттарга чектөөлөр болот, виза алуу татаалдашат деген чочулашат. Менин пикиримде бул маселелерге эч кандай таасир этпейт”, - деди эл өкүлү.

АКШда президенттик шайлоого Республикачылар партиясынан катышкан талапкер, экс-президент Дональд Трамп Флорида штатында шайлоочулардын алдына чыгып, жеңишке жеткенин жарыялады.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы макулдашуу тууралуу сөз 2017-жылдан бери айтылып келет. Бирок азырынча ага кол коюла элек.

Быйыл 4-марттан тарта АКШ кыргыз жарандарына берилүүчү туристтик жана ишкерлик визанын мөөнөтүн беш жылдан 10 жылга узарткан.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл февралга карай АКШда 36 миң кыргызстандык жашап, иштеп жатканын билдирген.

16:22 6.11.2024

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине шайланышы менен куттуктап, телеграмма жолдоду.

Анда Садыр Жапаров Дональд Трамптын лидерлик тажрыйбасы жана терең билими Кыргызстан менен АКШнын кызматташтыгын мындан ары да тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүнө үмүт артарын билдирген.

Эки элдин "байгерчилиги жана келечеги үчүн алдыда турган глобалдык чакырыктарды ийгиликтүү жеңип, өнөктөштүктү жаңы деңгээлге көтөрө алабыз" деген ишеничин билдирген.

Президент Жапаров Кыргызстан менен Американын көп багыттуу кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын кошумчалап, Дональд Трампка бекем ден соолук, ал эми АКШ элине тынчтык жана өнүгүү каалаган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Дональд Трампты АКШ президенти болуп шайланышы менен Борбор Азиядагы өлкө башчыларынын ичинен алгачкылардан болуп куттуктады.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG