Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:16
Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп менен, 6-ноябрь, 2024-жыл
Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп менен, 6-ноябрь, 2024-жыл

АКШда президенттик шайлоодо Дональд Трамп жеңди

14:03 6.11.2024


Харрис же Трамп. Америкалыктар кимди тандайт?

Калган "селкинчек" же "оома" штаттар Аризонада, Мичиганда, Невадада, Пенсильванияда жана Висконсинде да Трамп бир аз алдыда келе жатат.

Бул тарыхый деп сыпатталган шайлоодо республикачылардын талапкери, экс-президент Дональд Трамп менен демократтардан ат салышкан вице-президент Камала Харрис шайлоо өнөктүгүндө да бири-бири менен теңтайлашып келатты.

Федералдык расмий органдар добуш берүү жакындаган сайын Орусия жана Иран америкалыктар арасында ажырым салып, жараянга көлөкө түшүрүү үчүн шайлоого таасир этүү өнөктүгүн күчөткөнүн 4-ноябрдын кечинде эскертишти.

Трамп президенттик шайлоого төртүнчү жолу ат салышууда. 2020-жылы Жо Байденге утулуп калган. Быйыл июнда Трамп менен теледебатка чыкканда өзүн жакшы көрсөтө албаган соң Байдендин ден соолугуна байланыштуу олуттуу кооптонуулар айтыла баштаганда ал жарыштан баш тарткан.

Анын ордуна демократтардан аттанган Харрис шайланып калса, АКШнын алгачкы аял президенти, теги Түштүк-Чыгыш Азиядан чыккан биринчи аял болот. Трамп шайланса, бийликте эки мөөнөт катары менен отурбаган, демократ президенттен кийин кайра шайланган мамлекет башчы болот. Мындай саясий жолду буга чейин 19-кылымдын аягында Гровер Кливленд басып өткөн.

60 жаштагы Харрис өзүн 81деги Байден менен 78деги Трамптын ордун баса турган муундун өкүлү катары көрсөтүүдө.

Ошондой эле 2022-жылкы АКШнын Жогорку сотyнун чечиминен кийин Харрис аялдарга аборт кылдыруу укугун коргогон, 2020-жылы шайлоодо утулгандан кийин 6-январда АКШнын Капитолийине кол салуудагы Трамптын ролун белгилеп, экс-президентти “демократияга коркунуч жаратат” деп атаган.

Трамп популисттик чакырыктары менен экинчи мөөнөтүндө экономиканы өнүктүрүүгө, мигранттардын агымын токтотуп, АКШнын Кытай сыяктуу каршылаштарына катаал мамиле кылууга күч үрөрүн айткан.

Шайлоонун жыйынтыгынын башка өлкөлөргө караганда Украинага таасири өзгөчө экени талашсыз.

Талапкерлер Украинага көмөк көрсөтүүгө келгенде таптакыр эки башка позицияда. Украинанын дээрлик үч жылга чукул орус күчтөрү менен кармашынын ийгилиги Кошмо Штаттардын аскердик, каржылык жана дипломатиялык колдоосунан көз каранды.

Харрис Украинага жардам берүү маселесинде Байдендин саясатын улантарын билдирип, Орусия бул согушта утулушу керек деген көз карашын ачык айткан.

Трамп АКШнын Украинага жардамынын натыйжалуулугунан күмөн санап, Орусиянын баскынчылыгына каршы Киевге колдоо көрсөтүү түйшүгүн Европа да кошо тартышы керек экенин айтканы НАТОнун келечеги тууралуу түкшүмөл суроолорго жол ачкан.

Эки талапкер тең бул жолку шайлоону Американын келечеги үчүн абдан маанилүү деп сыпаттап, өнөктүктүн акыркы күнүнө чейин өз тарапкерлерин добуш берүүгө үндөштү.

Харрис 4-ноябрда күн бою Пенсильванияны кыдырды. Бул штатта жеңүүчү аталган талапкер шайлоочулар коллегиясынын 19 добушуна ээ болот. Америкадагы “оома” штаттардын ичинен шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнүн саны жагынан Пенсильвания башкы сапта турат.

“Муну кылганга даярсыңарбы?”, - деп собол салды Пенсильваниянын Скрантон шаарындагы тарапкерлерине кайрылган Харрис. Ал “Эркиндик үчүн добуш бер” деген чоң жазуунун алдында сөз сүйлөдү.

Трамп 4-ноябрдагы үгүт ишин Түндүк Каролинадан баштады. Андан соң Пенсильваниядагы эки жерге токтоп, күндү Мичиган штатында жыйынтыктады.

“Эгер биз Пенсильванияны утсак, баарын утабыз. Бүттү”, - деди Трамп.

АКШдагы президенттик шайлоону дал ушул Пенсильвания, Түндүк Каролина жана Мичигандан тышкары дагы төрт штат – Висконсин, Жоржиа, Аризона жана Невада чече тургандай.

АКШнын шайлоо системасына ылайык, жеңүүчүнү жалпы топтолгон добуштардын саны эмес, 538 мүчөдөн турган шайлоочулар коллегиясы аныктайт. Кайсы бир штаттагы шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнүн саны ошол штаттын Конгресстеги эл өкүлдөрүнүн санына шайкеш келет.

Небраска менен Мэнден башка бардык штаттарда элдин добуштарынын көпчүлүгүн алган талапкер ошол штаттагы шайлоочулар коллегиясынын добуштарынын баарына ээ болот.

Президент болуп шайлануу үчүн талапкер шайлоочулар коллегиясынын кеминде 270 мүчөсүнүн добушун топтошу керек. Эгер Харрис да, Трамп бул босого чекке жеткидей добуш топтой албаса, анда жаңы президентти жаңы шайланып келген Конгресстеги Өкүлдөр палатасы январь айында тандайт. Ал эми жаңы шайланып келген Сенаттын мүчөлөрү вице-президентти аныкташат.

5-ноябрга чейин Америкада 77 миллиондон ашуун шайлоочу добуш берүүгө үлгүрдү. Ошентсе да шейшембидеги добуш берүү кайсы талапкер өз тарапташтарын добушканаларга көбүрөөк чакырып келе алганын көрсөтмөкчү.

Харрис өз добушун почта аркылуу берген. Трамп шайлоо күнү Флоридада добуш берди.

14:10 6.11.2024

АКШда мурдагы президент, республикачылардын талапкери Дональд Трамп добуштардын саны боюнча "селкинчек" же "оома" деп мүнөздөлүп жаткан Түндүк Каролинада жана Жоржияда жеңишке жетип, Ак үйгө кайтып баруу мүмкүнчүлүгүнө жакындоодо. Мындай ыктымалдык анын атаандашы, демократтардын талапкери, азыркы вице-президент Камала Харристин жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн кыскартууда.

Америкалык жалпыга маалымдоо каражаттарынын расмий эмес долбоорлорунун эсептөөлөрүнө караганда, азыркы саатка карата шайлоочулар коллегиясынын 246 добушуна Трамп, 210 добушуна Харрис ээ болууда. Өлкөнүн 47-президенти болуп шайланыш үчүн 270 добуш талап кылынат.

Калган "селкинчек" же "оома" штаттар Аризонада, Мичиганда, Невадада, Пенсильванияда жана Висконсинде да Трамп бир аз алдыда келе жатат.

Трамптын шайлоо штабы ал Флоридадагы үйүнөн Палм-Бичтеги конференц борборго барарын, ошол жактан өзүнүн шайлоочуларына кайрылуу жасай турганын кабарлады.

Харристин шайлоо штабы добуштардын баары толук эсептелип бүтүшүн күтөрүн жана ал элге 6-ноябрдан калбай кайрылуу жасарын маалымдады.

Добушу маанилүү Иллинойс штатында шайлоочулар коллегиясынын 19 добушу Харриске тийди.

14:16 6.11.2024

Шайлоочулар коллегиясы кандай добуш берип жатканын бул интерактивдүү картадан көрүп турсаңыз болот

Президент болуп шайлануу үчүн талапкер шайлоочулар коллегиясынын кеминде 270 мүчөсүнүн добушун топтошу керек.

АКШдагы бул жолку президенттик шайлоо Орусиянын Украинадагы согушуна, Жакынкы Чыгыштагы аскердик жаңжалга жана башка глобалдык маселелерге таасирин тийгизе турган тарыхый президенттик шайлоо деп бааланууда.

60 жаштагы Камала Харрис өзүн азыркы президент Жо Байден менен Трамптын ордун баса турган муундун өкүлү катары көрсөтүүдө.

78 жаштагы Дональд Трамп ушуну менен шайлоого төртүнчү жолу катышууда. 2020-жылы ал азыркы президент Жо Байденге утулуп, экинчи мөөнөткө калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

15:32 6.11.2024

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин куттуктоосу:

Дональд Трампты шайлоодогу жигердүү жеңиши менен куттуктайм!

Сентябрь айында президент Трампка жолугуп, Ураина менен АКШнын стратегиялык өнөктөштүгүн, Жеңиш планын жана Украинага каршы Орусиянын агрессиясын токтотуу жолдорун талкуулаганыбыз эсимде. Президент Трамптын глобалдык маселелерге келгенде "тынчтыкка бекемдик менен жеткен" ыкмасын баалайм. Дал ошондой принцип иш жүзүндө Украинада тынчтыкка жетүүгө жакындатат. Мен аны бирге ишке ашырабыз деп үмүттөнөм. Биз президент Трамптын чечкиндүү жетекчилиги алдында күчтүү АКШнын доорун чыдамсыздык менен күтөбүз. Биз Кошмо Штаттардагы эки партиянын тең Украинаны чечкиндүү колдоосуна таянабыз. Биз эки өлкөгө тең өз ара пайдалуу саясий жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз.

Украина Европадагы күчтүү державалардын бири катары Европада жана трансатлантикалык аймактагы биздин өнөктөштөрдүн жардамы менен туруктуу тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоого умтулат. Президент Трампты жеке куттуктап, Украина менен Кошмо Штаттардын стратегиялык өнөктөштүк жолдорун талкуулоону чыдамсыздык менен күтөм.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG