Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04
Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп менен, 6-ноябрь, 2024-жыл
Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп менен, 6-ноябрь, 2024-жыл

АКШда президенттик шайлоодо Дональд Трамп жеңди

19:33 6.11.2024

Трамп шайлоочулар коллегиясынын 270тен көп добушун алып, жеңишке жетти

АКШнын көптөгөн медиа каражаттары, анын ичинен Associated Press жана CNN маалымдагандай, 5-ноябрдагы шайлоонун баштапкы жыйынтыгы менен Дональд Трамп жеңишке жетүү үчүн зарыл болгон шайлоочулар коллегиясынын 270тен көп добушун алып, атаандашы Камала Харристен озуп чыкты.

Трамп жеңгенин өзү да шайлоочуларынын алдына барып жарыялады.

Демократтар партиясынын талапкери, азыркы вице-президент Камала Харрис азырынча билдирүү жасай элек.

Трамп Флорида штатындагы эл менен жолугушуусунда: "Биздин балдарыбыз татыктуу жана силер татыктуу болгон күчтүү, коопсуз жана гүлдөп-өнүккөн Американы жаратмайынча тынчыбайм", - деп, шайлоо алдында берген убадасын кайталады.

Республикачылар партиясы Сенаттагы шайлоодо да ийгиликке жетишип, добуштардын көпчүлүгүн алды.

19:37 6.11.2024

Министр Кулубаев: АКШ менен саясий диалог бар, макулдашуу боюнча иштеп жатабыз

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШ менен кызматташтык жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүү уланып жатканын "Азаттыкка" айтты.

“Биз көп тараптуу байланышты өнүктүрүп жатабыз. АКШ менен болгон кызматташтык да биз үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири. Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин кызматташтыкты кандай улантабыз, көрөбүз. АКШ менен азыр саясий диалог бар. Макулдашуу боюнча дагы иштеп жатабыз”, - деди ал.

19:57 6.11.2024

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев АКШнын кайра шайланган президенти Трампка ийгилик каалады

"Америка элинин гүлдөп-өнүгүшү үчүн жигердүү эмгектенүүнү каалайбыз" деген Токаев Казакстан АКШ менен коопсуздук жана инвестиция тармактарында алакаларын өнүктүрүүгө ишенерин куттуктоо телеграммасында билдирди.

Борбор Азия чөлкөмүнөн Трампты шайлоодогу жеңиши менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров биринчи куттуктап, эки өлкө "өз ара сый-урматка негизделген" кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

21:38 6.11.2024

Кубан Абдымен, саясат талдоочу:

Борбор Азиянын эки дүйнөнүн ортосунда көпүрө болуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин байкаган америкалык чоң саясатчылар, таасирдүү күчтөр аны колдонууга аракеттенери талашсыз. Аны ишке ашырууга президент Жо Байден көп аракет кылды.

Мындан кийинки жылыштар кандай болорун айтуу кыйын. Себеби Трамп Мамлекеттик департаментти жетектөөгө кайсы саясатчыны алып келет, анын көз карашы кандай болот, Борбор Азиянын Кыргызстан өңдүү мамлекеттерине кандай жаңы багыттагы сунуштарды ишке ашыра алат деген суроо турат.

Тилекке каршы, Трамп кызматына киришкенден кийин Борбор Азияга биз күткөндөй же үмүттөнгөндөй маани берилет деп айтыш кыйын. Трамп биринчи жолу президент болгондо Кыргызстандан, Борбор Азиядан барган мигранттардын бардыгын чыгарып жиберебиз, мыйзамсыз жүргөндөрүн жоопкерчиликке тартабыз деген саясат жүргүзгөн. Мен Трамптын аймакка болгон саясаты буга чейинкиге караганда түп тамыры менен өзгөрбөсө да, чектөөлөрдү, катаал талаптарды койгон деңгээлге түшүп кетиши мүмкүн деп ойлойм.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG