Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Сот Алматы акимчилигине кол салуу үчүн айыпталган тогуз кишинин өкүмүн өзгөрттү


Алматы шаарынын акимиятына жана президенттик резиденцияга кол салуу үчүн айыпталган 11 кишинин соту. Казакстан. 11-июнь, 2024-жыл
Алматы шаарынын акимиятына жана президенттик резиденцияга кол салуу үчүн айыпталган 11 кишинин соту. Казакстан. 11-июнь, 2024-жыл

15-октябрда Алматы шаарынын кылмыш иштери боюнча коллегиясы 2022-жылкы Январь окуялары маалында жергиликтүү акимчиликке жана президенттик резиденцияга кол салуу үчүн айыпталган 11 кишинин арызын четке кагып, прокурордун өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырды.

Акжол Жандарбеков аттуу бир кишинин жазасы катаалдашып, 8 жылга эркинен ажыратылды. Дагы 8 айыпталуучу 1 жыл 8 айга кесилди, экөөнүн 1 жыл 9 ай деген абак мөөнөтү өзгөрүүсүз калды.

25-сентябрдагы сот отурумунда адвокаттар өкүмдөрдү жумшартууну жана айыпталуучуларды шарттуу кесүүнү сураган.

Бул иш боюнча сот жараяны бир жыл мурда башталган.

Айыпталгандардын бири активист Косай Маханбаев Январь окуялары учурунда кармалгандан кийин тергөө абагында кыйноолорго учураганын айткан. 2022-жылы октябрда Алматынын прокуратурасы Маханбаевди кыйноо ишин "далилдер жетишсиз" деген негизде жапкан.

2022-жылы январда кошуна өлкөдө газдын кымбатташына каршы митингдер бийликтин кызматтан кетишин талап кылган массалык акцияларга айланып, тоз-тополоң менен коштолгон.

Алматы ошол толкундоолордун очокторунун бири болгон. Аламандаган топ акимиятка жана президенттик резиденцияга кирип барган. Кийин имараттарга өрт коюлган. Башкы прокуратура акимият менен резиденцияны басып алууга миңдей киши катышканын билдирген.

Расмий эсеп боюнча Январь окуяларында 238 киши набыт болгон. Алардын алтоо кармалгандан кийин кыйноолордон улам көз жумган. Бир нече миң киши кармалып, жүздөгөнү ыдык көргөнүнө арызданган. Бирок мындай фактыларга байланыштуу козголгон кылмыш иштердин көбү токтотулган.

XS
SM
MD
LG