Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:29

Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча жарлыкка кол коюлду


Бишкектеги көрүстөндөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги көрүстөндөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтына 14-октябрда жарыяланды.

Жарлыкта азыркы кыргыз коомунда маркумду жайга коюуда текебердик, ашыкча ысырапкорлук, диний каада-салттарды этибар албоо сыяктуу терс көрүнүштөр кездешери айтылган.

Маркумдарды жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, кыргыз коомунун руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын коргоо, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана мыйзамдарды иш жүзүндө жүзөгө ашыруу максатында, Башмыйзамдын негизинде токтом кылынган.

Ага ылайык, маркумдарды жайга коюудагы каада-салттарды тартипке келтирүү, мүрзөгө эстеликтерди коюуда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн фатваларды чыгаруу Муфтиятка жүктөлгөн:

"Тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөрдү кошпогондо, мусулман кабырларынын аймагында таштан, граниттен, мрамордон, металлдан жана булардын айкалышынан эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салынат. Ошондой эле мүрзөдөгү эстеликтер жана тосмолор жыгач материалдан даярдалат жана бийиктиги 0,70 метрден ашпашы керек. Муфтият маркумдарды жайга коюу маселеси боюнча эл ичинде маалымат-түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүп турууга тийиш".

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, президенттин облустардагы өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик үч айлык мөөнөттө “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрүүсү керек.

"Көрүстөндөрдү жайгаштыруу, жасалгалоо жана көрктөндүрүү, пайдалануу жана күтүүдө экологиялык, санитардык талаптардын сакталышын, мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдөрүн, аларды жасоо үчүн материалдарга жана орнотууга талаптарды тескеген документтерди, типтүү жоболорду иштеп чыгып, бекитүүгө тийиш. Бул жаатта ысырапкорчулукту болтурбоо максатында эл арасында түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүсү керек", - деп жазылган анда.

Кыргызстанда аш-той өткөрүүдө, сөөк коюу зыйнатын жүргүзүүдө ысырапкорчулукту жоюу, ири мал сойбоо сыяктуу жарлыктар мурдагы президенттердин тушунда да чыгарылып, бирок ишке ашпай келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG