Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:16

Өзбекстанда умра сапарын уюштуруу эрежеси катаалдашты


Иллюстрация
Иллюстрация

Өзбекстанда умрага (кичи ажылыкка) барууну уюштуруу эрежелери катаалдашты. «Озодлик» радиосу кабарлагандай, тиешелүү туристтик компаниялардын «Зиёрат» фондунда бир миллион АКШ доллары болууга тийиш. Мындай талап өкмөттүн 12-октябрдагы токтомунда каралууда.

Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитетинин маалымат кызматы умраны уюштуруу үчүн коюлган талаптарды тизмектеди. Маселен, зыяратчыларды баштап барган топтун жетекчисинин диний билими болууга тийиш. Жашы жетелек балдарды ажылыкка алып барууга тыюу салынат, туристтик фирмалар ортомчуларсыз иш алып барышы керек, зыяратчылар үч жылдыздуудан кем эмес мейманканаларда жайгаштырылууга, аларга Мекке жана Мединада сапаттуу медициналык жардам берилүүгө тийиш.

Дин иштери боюнча комитет кичи ажылыкты уюштуруу эрежелерин бузган туристтик фирмалар айып пулга жыгыларын эскертти.

Өзбекстанда Умраны уюштурган компаниялар Туризм комитети берген лицензиянын негизинде иш алып барчу. Быйылкы июлдан тарта бул вазийпа Дин иштери боюнча комитетке жүктөлдү. Талаптардын катаалдашканын жетекчилер бир катар өзбекстандык жарандардын Сауд Арабияда кыйынчылыктарга туш болгону менен түшүндүрүштү.

«Озодлик» өз кезегинде бир нече миң зыяратчы умрадан Өзбекстанга кайта албай кыйналганын баяндаган. Сауд Арабиядагы башкы консулдук алар менчик туристтик фирмалардын ортомчулугу менен барганын билдирген.

Ошол эле маалда эрежелердин өзгөрүшү менен бул тармактагы монополияга жол ачылат деп чочулагандар жок эмес.

XS
SM
MD
LG