Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:17

Адахан Мадумаров 11 журналистке чыккан сот өкүмүн сынга алды


Адахан Мадумаров. 30-апрель, 2024-жыл.
Адахан Мадумаров. 30-апрель, 2024-жыл.

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Адахан Мадумаров 11 журналистке Бишкектин Ленин райондук соту чыгарган чечимди сындаган билдирүү таратты. Саясатчынын Телеграм каналына жарыяланган билдирүүдө, сот чечимин "жийиркенүү менен кабыл алып, жүрөгү ооруп, өкүнгөнү" жазылган.

"Биз кандай элге айландык? Кайсы доорго түшүп калдык? Кыргыз тарыхында качан эле айткан сөзүң үчүн абакка отургузулуп, өз көз карашың, ишенимиң үчүн жазаланган элек? Качан эле биздин төкмө акындардын тили кесилген эле? Качан эле акындар сөзүн айтаарда эки жакты карап, жалтаңдап калган күнгө жеткенбиз? Кай заманда ушундай оор сыноолорду башыбыздан өткөргөн элек?", - деген суроо койгон.

Оппозициялык саясатчы акыркы эки жылда Кыргызстанда ой эркиндигине, сөз эркиндигине кысым күчөп, ооз ачкандар темир торго камалып жатканын белгилеп, муну "бийлик элди жапырт коркутуу жолуна түштү" деп чечмелеген.

Адахан Мадумаровдун билдирүүсүнө кайсы бир мамлекеттик мекеме же бийлик өкүлдөрү комментарий бере элек.

Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кести. Алардын адвокаты кийинки инстанцияга арыз берерин билдирди. “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровго жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилди. Эки журналист сот залынан бошотулган.

Калган жети журналисттин аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.

11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

Кыргыз бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин билдирип, өлкөдөгү мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG