Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:18

Исламабадда ШКУнун саммити учурунда үч күн дем алыш болот


Исламабадда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 13-октябрь, 2024-жыл
Исламабадда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 13-октябрь, 2024-жыл

Пакистандын башкалаасында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити алдында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Исламабадда үч күн дем алуу деп жарыяланды. Мектептер, ишканалар жабык, көчөлөрдү полиция жана жарым-жартылай аскердик бөлүктөр кайтарууда.

ШКУга кирген өклөлөрдүн өкмөт башчыларынын бийик жолугушуусу менен катар Кытайдын премьер-министри Ли Цян төрт күндүк сапар менен Пакистанда болмокчу.

Пакистандын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, расмий кездешүүлөр өтө турган башкалаанын “Кызыл тилкесиндеги” коопсуздукту камсыздоо куралдуу күчтөргө жүктөлөт. Ал райондо парламент жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр орун алган.

11-октябрдын таңында белгисиз куралчан жоочулар 20дай кенчини өлтүрүп кеткенден кийин өлкөдө коопсуздук чаралар күчөтүлгөн. Окуя өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан Белужистан провинциясынын Дуки районундагы көмүр шахтасында болгон.

Кен байлыктарына бай Белужистанда жыл башынан бери бир нече жолу куралдуу топтордун чабуулдары катталган. Жума күнкү кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек.

Ага чейин Пакистанда иштеген кытайлык эки инженер киши колдуу болгон.

15-16-октябрь күндөрү өтө турган саммитке Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров да катышат.

Уюмга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран, Беларус кирет.

XS
SM
MD
LG