Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:23

Тогуз айда Кумтөрдөн 7 тонна 960 килограмм алтын казылды


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому 2024-жылдын тогуз айында Кумтөрдөн 7 тонна 960 килограмм алтын казылганын, бул бегиленген пландан 81 килограммга көп экенин билдирди.

Январь-сентябрь айларында “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын кирешеси 579,8 миллион долларды түздү. Таза пайда 216,6 миллион долларга жетти. Ишкана салык жана башка төлөмдөр түрүндө бюджетке 10 миллиард 37 миллион сом төктү. Бул тууралуу компаниянын тогуз айдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылат.

4-октябрда “Кумтөр Голд Компани” Кумтөрдөн казылган тоотекте алтындын үлүшү төмөн болгондуктан кенден алтын өндүрүү быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз болорун кабарлаган. Ишкана бул тоо-кен өндүрүшүндө кадыресе көрүнүш экени, алтын өндүрүүдөгү мындай өйдө-ылдый абал Кумтөрдүн тарыхында көп эле жолу болгонун кошумчалаган.

“Кумтөр Голд Компани” компаниясы 2024-жылы 12,5 тонна алтын өндүрүүнү пландаган. Быйыл алтын коюлган пландан канчага аз өндүрүлөрү азырынча белгисиз.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому 2023-жылы Кумтөр кенинен 14 тонна алтын өндүрүү планын коюп, соңунда 13 тонна 567 килограмм алтын алган.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл сентябрь айында Кумтөр кенинде алтындын жаңы кору табылып жатканын жана кен дагы 20-30 жыл иштей турганын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG