Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

ТИМ "Милтон" бороонунан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди


"Милтон" бороонунун кесепети. Форт-Майерс. 9-октябрь, 2024-жыл.
"Милтон" бороонунун кесепети. Форт-Майерс. 9-октябрь, 2024-жыл.

Тышкы иштер министрлиги АКШнын Флорида штатында болгон “Милтон” бороонунан жабыр тарткан Кыргызстандын жарандары катталбаганын билдирди.

Мекеменин 11-октябрда билдиргенине караганда, 3-категориядагы бороон кеминде 16 адамдын өмүрүн алып, 3 миллион тургунду электр жарыгысыз калтырды. Бороон айрыкча штаттын чыгыш бөлүгүнө олуттуу зыян келтирген.

Расмий маалыматка караганда, Флорида штатында Кыргызстандын 100гө жакын жараны жашайт. Өлкөнүн АКШдагы элчилиги кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүү үчүн кыргызстандыктар жана жергиликтүү бийлик органдары менен байланышты улантууда.

АКШда жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл болгон учурда жардам же кеңеш алуу үчүн элчиликтин төмөндөгү ишеним телефондору аркылуу кайрыла алат: +1 202 256 2924; +1 312 929 34 42.

"Милтон" бороону 10-октябрдын түнүндө АКШнын Флорида штатын каптады. Бороондон улам миллиондон ашуун турак жай жарыксыз калды. Эки миллиондон көп киши коопсуз жактарга чыгарылды. Катуу жаанга кошул-ташыл болгон шамалдын ылдамдыгы саатына 160 чакырымга жетти. Сарасота, Сиеста-Ки, Сент-Питерсберг сыяктуу шаарлар көбүрөөк жабыркады. Сент-Питерсбергдеги Tropicana Field деген стадиондун чатыры талкаланды.

Poweroutage.us долбоору Флоридада эки миллиондон ашуун турак жай жана ишкана электр жарыгысыз калганын аныктады.

"Милтон" жээкке жеткиче эле штатты 20га чукул торнадо каптады. Бир нече киши каза болгонун Сент-Люст аймагынын шерифи Кит Пирсон билдирди. Ал санын тактаган жок.

"Милтон" жээкке жеткенден кийинки коркунуч 2-категорияда деп бааланды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG