Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Пакистанда куралдуу жоочулардын кол салуусунан 20дан ашуун шахтачы мүрт кетти


Белужистан провинциясындагы куралдуу топтордун кезектеги чабуулунун кесепети. 26-август, 2024-жыл.
Белужистан провинциясындагы куралдуу топтордун кезектеги чабуулунун кесепети. 26-август, 2024-жыл.

Пакистанда 11-апрелдин таңында белгисиз куралчан жоочулар 20дай шахтачыны өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу полиция билдирди. Окуя өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан Белужистан провинциясынын Дуки районундагы көмүр шахтасында болгон.

Полиция кызматынын өкүлү Хумаюн Хан журналисттерге билдиргендей, кол салгандар гранатометторду да колдонушкан. Кандуу кол салуу үчүн бир да топ жоопкерчиликти өз мойнуна ала элек.

Дуки райондук оорууканасына жараат алган жети адам кайрылды.

Кен байлыктарына бай Белужистанда жыл башынан бери бир нече жолу куралдуу топтордун чабуулдары катталды.

"Белужистанды куткаруу армиясы" (АКШда террордук деп таанылган) сыяктуу жергиликтүү жикчил топтор расмий Исламабадга каршы күрөш жүргүзүп келишет.

Талдоочулар Пакистандын Иран жана Ооганстан менен чектеш тилкесинде жайгашкан Белужистанда көптөгөн жылдардан бери коопсуздук күчтөрүнө жана жайкын тургундарга кол салып, түрдүү чабуулдарды уюштуруп келген жикчилер соңку кезде «Ислам мамлекетинин» согушкерлери менен чогуу аракеттене баштаганына көңүл бурууда.

XS
SM
MD
LG