Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Урсула фон дер Ляйен Молдованын орду Евробиримдикте экенин айтты


Урсула фон дер Ляйен жана Майя Санду. 2024-жылдын 10-октябры.
Урсула фон дер Ляйен жана Майя Санду. 2024-жылдын 10-октябры.

Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Молдова элин келерки апталарда өтө турган эки маанилүү добуш берүү иш-чарасына активдүү катышууга үндөп, Европадагы бул эң жакыр өлкөлөрдүн бирине алдыдагы үч жылга экономикасына колдоо көрсөтүүгө Европа Биримдиги 1,8 миллиард евро (1,97 миллиард доллар) каржылык жардам бөлгөнүн жарыялады.

20-октябрда Молдовада президенттик шайлоо өтөт, ага батышчыл көз караштагы азыркы президент Майя Санду да катышууда. Ушул эле күнү курамына 27 өлкө кирген Евробиримдикке мүчө болуу маселеси боюнча референдум да уюштурулат.

Фон дер Ляйен Молдовага бүгүн 10-октябрда барып, өлкөнүн евроинтеграциялык умтулууларына колдоосун билдирди.

2020-жылдагы шайлоодо Орусия колдогон ошол кездеги президент Игор Додондун ордуна келген Санду Молдованын европачыл саясатын колдоп, улантып, Украинадагы согушту айыптап чыккан жана Кремлге каршы европалык санкцияларды колдогон.

Евробиримдикке мүчө болууга талапкерлик макамы Молдовага 2022-жылдын июнунда тийген.

Фон дер Ляйен «Молдованын орду Европа Биримдигинде» экенин айтып, бул биримдикке мүчө болуу менен өлкө «келерки он жылда экономикасын эки эсе жакшырта аларын» кошумчалады.

Орусия Румыния менен Украинанын ортосунда жайгашкан, калкы 2,5 миллион адамды түзгөн бул өлкөгө таасирин күчөтүү аракетин үзбөй келет. Молдованын курамындагы Приднестровье жикчил аймагында Советтер Союзунан калган эрежеге ылайык анын бир миңге чукул аскери бар. Келерки шайлоого аттанган талапкерлер арасында кремлчил саясатчылар да бар. Молдова бийлиги Орусия шайлоо өнөктүгүнө аралашып, жалган маалымат таратып жатат деген кооптонуусун бир нече жолу билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG