Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Талибдердин Ташкенттеги элчиси ишке киришти


Абдула Гаффар Терави жана Бахтиёр Саидов. Ташкент, 2024-жылдын 9-октябры.
Абдула Гаффар Терави жана Бахтиёр Саидов. Ташкент, 2024-жылдын 9-октябры.

Өзбекстан жана Ооганстан ортосундагы кызматташтык маселеси Ташкентте тышкы иштер министри (ТИМ) Бахтиёр Саидовдун «Талибан» башкарган ооган өкмөтүнүн Өзбекстанга жаңы дайындаган элчиси Абдула Гаффар Терави менен жолугушуусунда талкууланды. Бул тууралуу 10-октябрда өзбек тышкы саясат мекемесинин басма сөз кызматынын маалыматына таянып «Азаттыктын» өзбек кызматы жазды.

«Жолугушууда тараптар Өзбекстан менен Ооганстандын ортосундагы мамилени ар тараптуу өнүктүрүү, пайдаланылбай жаткан мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу, эки өлкө элинин кызыкчылыгына кызмат кылган жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгилешти», – деп айтылды ТИМдин маалыматында.

Абдул Гаффар Терави Ооганстандын атынан Өзбекстанга дайым көрсөтүп келаткан жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Бахтиёр Саидов «Биздин өлкөлөрдү жалпы тарых жана бардык тармактардагы кызматташтыгыбызды өнүктүрүүгө дем болуучу, өсүп-өнүгүүгө умтулган аракетибиз байланыштырып турат» деп өзүнүн Telegram-каналына жазды.

АКШнын Ооганстанда «Талибанга» каршы согушу 2001-жылдын 11-сентябрындагы Кошмо Штаттардагы ири террордук актыдан кийин башталып, 2021-жылдын августунда жыйынтыкталган. Ооганстандын көпчүлүк бөлүгүн, анын ичинде борбор калаа Кабулду кайрадан өз көзөмөлүнө алган талибдер жаңы «Ооганстан ислам эмираты» түзүлгөнүн жарыялашкан.

Азыркы тапта «Талибанга» 39 өлкөдөгү элчилик баш ийип иштөөдө.

Ооганстан менен түштүк тарабынан 144 чакырымдай чек аралаш Өзбекстан өзүндөгү элчиликти талибдер башкарган ооган өкмөтүнө быйыл февраль айында тапшырган.

Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган.

Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирип келген. Быйыл 6-сентябрда кыргыз тышкы саясий мекемеси “Талибанды” "кара тизмеден" чыгарганын ырастап, «Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган» деп билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG