Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Орусияда аскердик аэродром өрттөнүүдө


Феодосия. 2024-жылдын 10-октябры.
Феодосия. 2024-жылдын 10-октябры.

Орусиянын курамындагы Адыгей республикасында борбор калаа Майкоптун чет жакасында 10-октябрга караган түнү учкучсуз учактардын чабуулунан кийин жергиликтүү тургундар эвакуация болууда. Аймактын башчысы Мурат Кумпилов билдиргендей, кыштактардын биринде өрт чыкты.

Аталган кыштак “Ханская” станциясынын жанында жайгашкан, ошол эле жерде ушундай аталыштагы аскердик аэродром бар.

Социалдык түйүндөрдө аэродром өрттөнүп, жарылуу, түтүн болуп жатканы тууралуу сүрөт жана видеолор жарыяланып, ал жерди украин дрондору бутага алганы кабарланууда.

Азыркы тапта бул боюнча Орусия да, Украина да маалымат бере элек.

Аэродром күйүп жатканы NASA FIRMS спутник сервисинда да катталды. Баштапкы кабарларга караганда, авиациялык кара май сакталуучу кампа күйдү. Адамдар арасында жабыркагандар катталганы тууралуу маалымат жок.

«Ханская» аэродромунда Краснодар жогорку аскердик авиациялык окуу жайынын №272 машыгуучу авиа базасы жайгашкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги 10-октябрдагы маалыматында соңку суткада жети облуста жана ошондой эле деңиз аймагында жалпысынан 92 согуштук учак кармалганын билдирди, бирок Адыгей боюнча эч нерсе айтылган жок.

Ал эми Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Феодосия аймагында дрон чабуулунан кийин күйө баштаган мунай базасындагы өрт үч күндөн бери өчө элек. Шаар жетекчилиги тегеректеги үйлөрдөн 1137 киши эвауация болгонун 10-октябрда маалымдады. (RK)

XS
SM
MD
LG