Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Аба ырайы: жаан жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 11-октябрда Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 15…20,

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8 градус болот.

Бишкекте күндүз жаан жаайт. Абанын түнкү температурасы 10…12°, күндүзгү температурасы 17…19° болот.

XS
SM
MD
LG