Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:21

Ошто диний окуу жайларга видео камераларды коюу тапшырмасы берилди


Ош.
Ош.

Ошто Ноокат районундагы медреседе бычак жеп каза болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн окуясынан кийин облустагы диний окуу жайларга видео камераларды коюу тапшырмасы берилди.

Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия билдирип, 8-октябрда Ошто Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) облустагы башкы башкармалыгы, облустук милициянын жана казыяттын кызматкерлери диний окуу жайлардагы коопсуздукка байланыштуу жыйын өткөргөнүн кабарлады.

Анда медреселерде ички тартипти жөнгө салуу үчүн нөөмөтчү мугалимдерди дайындоо да тапшырылды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 6-октябрда Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе 16 жаштагы өспүрүм 14 жаштагы баланы бычак менен сайып жиберген. Жаракат алган бала аймактык ооруканага жетпей каза тапкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, маркумдун сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ноокат райондук соту шектүүнү 7-ноябрга чейин камакка алды.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы каза болгон бала дем салдыруу үчүн медресеге үч күнгө келгенин, ал диний билим берүү жайында окубаганын билдирген.

Маркумдун жакындары “Азаттыкка” ал төрт айдан бери медреседе билим алып келгенин айтышып, бирок кененирээк комментарий берүүдөн баш тартышты. (BTo)

XS
SM
MD
LG